ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Жаратылыштын каалабаган чабуулу: Исландияда биринчи жолу чиркейлер байкалды
Суукка чыдамдуу түрлөрдүн пайда болушу курт-кумурскалардын туруктуу отурукташуусунан кабар бериши мүмкүн; буга климаттык кризистин себепкер экендиги болжолдолууда.
Жаратылыштын каалабаган чабуулу: Исландияда биринчи жолу чиркейлер байкалды
Үлгүлөр анализ жүргүзүү үчүн Исландиянын Табигый тарых институтуна тапшырылды. / AP

Исландиянын тарыхында биринчи жолу аралда чиркейлер байкалды. Үч үлгү ушул айда Хвалфьордурдун жакынындагы Кжос деп аталган айыл өрөөнүндө табылды.

Бул табылганы курт-кумурскаларга кызыккан Бьорн Хьялтасон Facebook'тагы "Skordyr a Islandi" (Исландиядагы курт-кумурскалар) тобунда бөлүшкөн жана бул тууралуу Исландиянын Улуттук телерадиокомпаниясы дүйшөмбү күнү билдирди.

Чиркейлердин үлгүлөрү анализ үчүн Исландиянын Табигый Тарых Институтуна берилди. Ал жерде энтомолог Маттиас Альфредссон булардын чындыгында чиркей экенин тастыктады.

Бул түр Түндүк Европада таралган суукка чыдамдуу чиркейдин Culiseta annulata түрү деп аныкталган.

Матиас чиркейлер тууралуу буларды айтты "Алар кышы бою көбүнчө жертөлөлөр жана мал сарайлары сыяктуу көмүскө жерлерде өздөрүн жылуу кармашат. Чиркейдин бул жерде туруктуу калып калышы толук ыктымал".

Чиркейлер мезгил-мезгили менен учактар ​​аркылуу Исландияга мыйзамсыз жүргүнчү катары барып калса да, буга чейин алардын аралда жашагандыгы тууралуу эч кандай далил табылган эмес.

Окумуштуулар чиркейлер качандыр бир күнү Исландияда пайда болушу мүмкүн деп көптөн бери болжоп келишкен. 2015-жылы чаккан майда чымындар бул жерде туруктуу жашап калгандан кийин бул мүмкүнчүлүк көбөйгөн.

Исландияда чиркейлердин табылышы климаттык жана экологиялык кризистер суукка чыдамдуу курт-кумурскалардын жашоо чөйрөсүн түндүккө карай кеңейтип жатканын көрсөтүүдө.

Иликте
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"