ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Трамп Жакынкы Чыгыш турунун негизинде Түркияга да сапар менен келүүнү пландап жатат
АКШнын президенти Дональд Трамп жуманын башында : «Түркия жана лидери менен абдан жакшы карым - катнашым бар»,- деди.
Трамп Жакынкы Чыгыш турунун негизинде Түркияга да сапар менен келүүнү пландап жатат
/ TRT World

CNN Arabic каналынын кабарына караганда АКШнын президенти Дональд Трамп келерки айда Жакынкы Чыгышка жасай турган сапарынын графигине  Түркияны да кошууну пландап жатат.

Бейшемби күнү Ак үйдөн CNN  каналына маек берген бир жетекчи жана бул план тууралуу маалыматы бар эки булактын билдиргенине караганда Трамптын ыктымалдуу бул сапары Сауд Арабия, Катар жана Бириккен Араб Эмирликтерине жасала турган сапарлардан кийин ишке ашырылат.

Маалымат булактары азырынча так чечимдин чыгарыла электигин жана  кенен түрдө такталып жаткандыгын белгиледи.

Түркия менен карым - катнаштар жакшы

Ак үйдөн бир жогорку мартабалуу жетекчи CNN каналына берген билдирүүдө Трамптын бул ыктымалдуу сапарын Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен өткөргөн акыркы телефон аркылуу  сүйлөшүүсүндө карап чыккандарын айтты.

Маалымат булактарына караганда АКШнын президенти саякаты учурунда Израилге барууну пландаган эмес.  

Ак үй Анадолу агенттигинин бул тууралуу маалымат берүү талабына жооп бере элек.

Трамп буга чейин Эрдоган менен карым  - катнашы тууралуу оң ойлорун билдирген. Жуманын башында Ак үйдө Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху менен бирге журналисттерге маек берген Трамп : «Түркия менен жана өлкөнүн лидери менен абдан жакшы карым  - катнашым бар»,- деген.

Трамп Эрдоганды : «Катуу жана абдан акылдуу адам, эч кимдин аткарбаганын аткарды»,- деп мүнөздөп, бул сөздөрү менен Башар Асаддын Сириядагы бийлигинин акырына чыгышын «Түркиянын» ишке ашыргандыгын айткан билдирүүлөрүнө токтолду.

Эгерде бул сапар ишке аша турган болсо бул Трамптын президент катары Түркияга жасаган биринчи сапары болот.

Трамптан мурдагы президент Жрож Буш Түркияга  2004 -  жылы сапар менен келсе Барак Обама  2009 – 2015 -  жылдары келген.

Иликте
Украинанын президенти Зеленский: "Биз Европа Биримдигине толук мүчө болууга татыктуубуз"
Иран армиясы:"Кувейт жана Бахрейндеги АКШ базалары менен борборлоруна дрондор менен чабуул жасадык"
Тышкы иштер министри Фидан Украинага барат
Коопсуздук боюнча башкармалык 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата видео жарыялады
Иранда суу өндүрүүчү жайга кол салуу болду
15-июль түнүндөгү окуялар жана элдин дастанга айланган каршылыгы
Иран армиясынын басма сөз катчысы: "Ормуз кысыгы АКШнын чабуулдары менен ачылбайт"
Деңиз күчтөрүнүн командири Татлыоглу Латакияга барды
Президент Эрдоган Пакистандын коргонуу  жана кургактык күчтөрүнүн командири Мунирди кабыл алды
Феттулахчы террордук уюм (ФЕТӨ) деген эмне?
Түркия 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети менен билинген Bylock
Алиев Түркия-Азербайжан карым - катнаштарына баа берди:"Ушундай жакын дос болгон башка эки өлкө жок"
МИТ ДЕАШ террордук уюмунун жетекчилеринин бири болгон Талип Гүлерди кармады
Түркия  Дамаскта өткөн Сирия Элдик парламентинин биринчи сессиясын ыраазычылык менен кабыл алды
Түрк изилдөөчүлөрүнүн жасалма интеллект боюнча изилдөөсү эл аралык адабияттарга кирди