ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Маск Украинадагы элита менен калктын «кызыкчылыктарынын айырмачылыгы» тууралуу пикир билдирди
«Элита Украинага бөлүнгөн жүздөгөн миллиард доллардан эбегейсиз байлык топтоп жатканда, карапайым элдин балдары фронтто өлүмгө дуушар болуу үчүн күч менен аскерге жөнөтүлүүдө».
Маск  Украинадагы элита менен калктын «кызыкчылыктарынын айырмачылыгы» тууралуу пикир билдирди
АРХИВДИК СҮРӨТ: Илон Маск, Калифорниянын Хоторн шаарында

АКШлык миллиардер жана ишкер Илон Маск өзүнө таандык Starlink спутник системасына чектөө киргизилгени тууралуу айыптоолордон улам Украина менен арадагы чыңалуу күчөп жаткан учурда, бул өлкөдө элита менен карапайым калктын кызыкчылыктарынын ортосунда «эбегейсиз айырма» бар экенин билдирди.

Маск АКШда жайгашкан X социалдык тармагындагы баракчасында акыркы мезгилде чыңалып жаткан Вашингтон менен Киевдин ортосундагы мамилелер тууралуу билдирүү жасады.

Украинадагы элита менен карапайым калктын кызыкчылыктарынын ортосунда «эбегейсиз айырма» бар экенин белгилеген Маск: «Элиталар Украинага бөлүнгөн жүздөгөн миллиард доллардан чоң байлык топтоп жатышат, ал эми карапайым элдин балдары фронтко өлүмгө туш болуу үчүн жөнөтүлүүдө», — деп жазды.

Маск АКШ салык төлөөчүлөрүнүн Украинага бөлүнгөн каражатынын бир бөлүгү арам акчаны адалдоо схемалары аркылуу кайра кайтарылып, өлкөдөгү саясий өнөктүктөрдү каржылоого жумшалып жатканын айтты. Маск айрым америкалык саясатчылар Украинанын кызыкчылыктарын АКШнын кызыкчылыктарынан жогору коюп жатканын белгиледи.

АКШнын жалпыга маалымдоо каражаттарында SpaceX компаниясынын башкы директору Илон Маск Украина армиясы колдонгон Starlink спутник системасынын интернет кызматын жайлатууга буйрук бергени тууралуу маалыматтар жарыяланган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Starlink системасы Украинада толугу менен өчүрүлбөгөнүн, бирок интернет ылдамдыгына коюлган чектөөлөрдөн улам анын айрым аскердик жана гуманитардык максаттарда колдонулушу азайганын билдирген.

АКШнын президенти Дональд Трамп да Starlink системасынын аскердик версиясы болгон Starshield аркылуу Украина армиясына көрсөтүлгөн интернет кызматына байланыштуу көйгөйдүн «чечилгенин укканын» айткан. Ошол эле учурда ал көйгөй чечилбеген  болсо, Маск менен «сүйлөшөрүн» билдирген.

Иликте
Фон дер Ляйен Румыния жээгинде жарандык кеменин атылышын айыптады
Кремль: "Украина менен сүйлөшүү ноябрь айынын биринчи жарымында Абу-Дабиде өтүшү пландалууда"
Франциядагы куралдуу кол салуудан 1 адам каза болуп, 4 киши жаракат алды
Венесуэлада миңдеген адам шайлоо графигин жана оппозиция лидеринин кайтышын талап кылды
Украина Россия менен болгон алмашуунун алкагында 252 адамдын сөөгүн алды
Иранда болгон селде эки адам каза болуп, эки адам дайынсыз жоголду
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда
Израиль армиясы Батыш Шерианын түштүгүндө эки палестиналыкты өлтүрдү
Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн 16 адам каза болду
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды
Зеленский Байдендин эвакуация сунушун "Мага ок-дары керек" деген жообу менен четке какканын айтты
Трамп алар Иран менен сүйлөшүү өткөрбөгөндөрүн жана жакында "бир нерсе болорун" айтты
АКШ менен Гайана аскердик кызматташтыкты күчөтүү боюнча келишимге кол коюшту
Король Фахд эл аралык аэропортуна кол салуудан 1 адам каза болуп, 8 киши жаракат алды
Газа жана Ливан тууралуу макалаларга нааразы болгондор Нью-Йорк Таймс имаратынын алдына чогулду
Кубанын тышкы иштер министри: "АКШнын санкциялары кубалыктардын күнүмдүк жашоосун бутага алууда"