БУУ: АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу 45 миллион кишини ачкачылыкка алып келиши мүмкүн

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP) билдирүүсүнө ылайык, согуштан улам келип чыккан баалардын кымбатташы дүйнөдөгү ачкачылыкты рекорддук чекке жеткирип, гуманитардык жардамдарды каржылоону оорлоштурушу мүмкүн.

By
2025-жылдын 4-августунда Газанын Хан-Юнус шаарында ачарчылык кризисинин ортосунда кайрымдуулук ашканасынан тамак алууну күтүп жаткан палестиналык кыз. / Reuters

Бириккен Улуттар Уюму Жакынкы Чыгыштагы согуш июнь айына чейин созула турган болсо, кошумча 45 миллион адам курч ачкачылыкка дуушар болушу мүмкүн экенин жана дүйнө жүзү боюнча бул көрсөткүч "коркунучтуу" деңгээлге жетерээин эскертти.

Үчүнчү жумага кирген согуш жүздөгөн адамдын өмүрүн алды. Ирандын Израиль жана Булуң өлкөлөрүнө жооп ирээтиндеги чабуулдарды жасашы жана Ливанда Израиль менен Хизбулланын ортосунда жаңы бир фронттун ачылышы менен курчуду.

“Эгерде Жакынкы Чыгыш кагылышуусу июнь айына чейин улантыла турган болсо баалардын көтөрүлүшү менен кошумча 45 миллион адам курч ачкачылыкка дуушар болушу мүмкүн”,- деп билдирди Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP) аткаруучу директору Карл Скау шейшемби күнү Женевада өткөн маалымат жыйынында.

"Бул глобалдык ачкачылыктын деңгээлин тарыхый рекордго жеткирет жана бул өтө коркунучтуу кесепет. Учурда ансыз да рекорддук көрсөткүчтөгү 319 миллион адам азык-түлүк коопсуздугунун курч көйгөйү менен бетме-бет келүүдө",- деп кошумчалады.

Скаунун айтымында, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 28-февралда согуш башталганга чейин эле экстремалдык аба ырайы, чыр-чатактар жана айрым аймактардагы ачарчылыктан улам келип чыккан "татаал кризиске" кабылган болчу.

"Ошол эле учурда ресурстар 2023 жана 2024-жылдардагы деңгээлден кескин төмөндөдү."

Кызматкерлердин санын кыскартууга жана операцияларды жөнөкөйлөтүүгө мажбур болгонун айтып : "Иш жүзүндө мүмкүнчүлүктөрүбүздүн акыркы чегине жеттик",- деп кошумчалады Скау.

Жакынкы Чыгыш согушунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасын “абдан кымбаттатып жатканын” белгиледи.

Скау агенттиктин жеткирүү чынжырынын үзгүлтүккө учурашына каршы күрөшүп жатканын, бирок операциялык чыгымдар, айрыкча күйүүчү майдын кымбатташы жана узарган каттамдардан улам кескин өсүп жатканын айтты.