Сереп салуу
САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Рубио: «Трамп Иран менен келишим түзүүнү артык көрөт»
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио талап келсе Трамп эртең Али Хаменеи менен жолугушаарын билдирди.
Рубио: «Трамп Иран менен келишим түзүүнү артык көрөт»
2026-жылдын 14-февралында АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио Германиянын Мюнхен шаарында өткөн Мюнхен коопсуздук конференциясында (МКК) сүйлөп жатат. / Reuters

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио ишемби күнү президент Дональд Трамп Иран менен болгон маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүнү артык көрөрүн айтып, Bloomberg агенттигине берген маегинде: «Президент Иран менен келишимге жетүүнү артык көрөрүн билдирди. Муну жасоо абдан кыйын, бирок ал аракет кылат. Азыр биз ушуну жасоого аракет кылып жатабыз», - деп билдирди.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Пезешкиан АКШ менен болгон өзөктүк сүйлөшүүлөрдү Тегеран үчүн «алдыга кадам» деп мүнөздөдү

Мамлекеттердин бири-бири менен өз ара аракеттенүүсү зарылдыгын баса белгилеген Рубио: «Мен баары менен жолугушууга даяр болгон президенттин тушунда кызмат кылам. Эгерде Аятулла (Али Хаменеи) эртең президент Трамп менен жолугушууну каалаарын айтса, президент аны менен жолугушат деп толук ишенем; Мунун себеби ал Аятулла менен макул болгондуктан эмес, дүйнөдөгү көйгөйлөрдү чечүүнүн жолу ушул деп эсептегендиктен»,-деп кошумчалады.

Жакынкы Чыгышка экинчи АКШнын учак ташуучу кемесин жайгаштырууга байланыштуу Рубио Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна «эч качан жол берилбей турганын» айтып, аны АКШ, Европа, аймактык жана глобалдык коопсуздукка коркунуч катары мүнөздөдү.

Рубио: «Биз, албетте, өз күчтөрүбүздүн аймакта болушун каалайбыз, анткени Иран АКШнын аймактагы катышуусуна каршы жооп кайтарууга даярдыгын жана жөндөмүн көрсөттү», - деп билдирди жана ошол эле учурда Вашингтондун аймактагы союздаштарынан улам базалары бар экенин белгиледи.

Рубио: «Иран мурда бизди же биздин базаларды бутага алууга жана коркутууга даяр экенин көрсөткөн», - деп кошумчалады жана АКШнын «Ирандын ката кетирип, чоңураак окуяны жаратышына жол бербөө үчүн аймакта жетиштүү ок атуучу күчкө ээ болушу керек» экенин билдирди.

Иликте
Түркиянын коргонуу жана аэрокосмос өнөр жайы экспорттук ийгилигин улантууда
Иран армиясынын басма сөз катчысы Экреминия "АКШга жооп кайтарабыз" деп эскертти
Австралия Борнеодогу токой өрттөрүн өчүрүүгө жардам берүү үчүн Индонезияга учак жөнөттү
АКШ Кубанын армиясына жана энергетикалык камсыздоо тармактарына каршы жаңы санкцияларды жарыялады
Путин Япониянын JTI тамеки компаниясынын Россиядагы активдерин убактылуу башкарууга өткөрдү
НАТО-Украина кеңеши Брюсселде кезексиз жыйын өткөрдү
Европа Биримдигинен Украинага 4,36 миллиард евролук колдоо
Эмине Эрдоган Түркия менен Түштүк Кореянын ортосундагы "терең тамырлаган достукка" көңүл бурду
Брюсселге бара жаткан учак бомба коркунучунан кийин Брюссель аэропортуна коопсуз конду
Греция: Студенттер жана мугалимдер кайрадан көчөгө чыгышты
Орусиянын Рязань облусундагы өнөр жай объектилерине дрондук кол салуудан бир адам жаракат алды
Министр Чифтчи: Италия менен коопсуздук жаатындагы кызматташтыгыбызды бекемдөөнү максаттоодобуз
Фенербахче англиялык Ливерпульду "жеңди"
АКШ өзүнүн инвентаризациясынан эки тыңчы учагынын бирин Жакынкы Чыгышка жөнөттү
Хаменеи: АКШдагы шайлоо Ирандын саясатын өзгөртпөйт