Сирия демократиялык күчтөрүнүн Халептеги кол салуусунда каза болгондордун саны бешке жетти
Халеп саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, кол салуудан тогуз адам да жаракат алган.
Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, дүйшөмбү күнү Сирия Демократиялык Күчтөрүнүн (SDG) Халептин түндүгүнө жасаган чабуулунда каза болгондордун саны бешке жетти.
Халеп саламаттыкты сактоо башкармалыгынын медиа кеңсесинин кызматкери мамлекеттик телеканал "Алихбария ТВ"га берген билдирүүсүндө шаардагы турак жай аймактарын бутага алган чабуулда тогуз адамжын жаракат алганын билдирди.
SDG террористтери дүйшөмбү күнү кечинде Шейхан жана Аль-Лайрамун кесилиштеринин ортосундагы көзөмөл пунктуна жана Аль-Рази ооруканасына пулемет жана минометтер менен ок атышты.
Сириянын Коргоо министрлиги кол салуудан кийин топтун бир нече мүчөсү жок кылынганын билдирди.
SDG ПКК террордук уюмунун Сириядагы уландысы YPGнин көзөмөлүндө.
Сириянын президенттик аппараты 10 - мартта SDFти мамлекеттик мекемелерге интеграциясы боюнча келишимге кол коюлганын жарыялаган. Бул билдирүү менен өлкөнүн аймактык бүтүндүгү кайрадан ырасталып, ар кандай бөлүнүү аракеттери четке кагылган.
Сириялык жетекчилер ал убактан бери SDGнын келишимдин шарттарын орундатуу үчүн эч кандай аракет жасабаагндыгын айтышууда.
Сирия өкмөтү өткөн жылдын декабрь айында 24 жылдан бери бийликте турган Башар Асад режими кулатылгандан бери коопсуздук чараларын күчөттү.