ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Хакан Фидан: АКШ Израилдин Газадагы чабуулдары тууралуу жакшыраак маалымат алышы керек
Израилдин Палестинадагы геноцидине карата реакцияларга байланыштуу Фидан, ар кимдин «ар кандай деңгээлде каршылык көрсөткөнүн» баса белгиледи.
Хакан Фидан: АКШ Израилдин Газадагы чабуулдары тууралуу жакшыраак маалымат алышы керек
/ AA

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан, Израилдин Газага жасаган кол салуулары жана уланып жаткан согуштун тобокелдиктери тууралуу Америка Кошмо Штаттарынын жакшыраак маалымат алуусу керектигин билдирди.

Фидан жекшемби күнкү билдирүүсүндө: “Ушул учурга чейин геноциддин уланып жатышы АКШнын колдоосу менен өзгөчө (мурдагы АКШ президенти Жо) Байден мезгилинде башталган саясаттардын натыйжасында мүмкүн болду. (АКШнын президенти Дональд) Трамп болсо бийликке келгенден баштап ок атышпоо келишиминин түзүлүүсүнө чоң салым кошту. Биздин азыркы күтүүбүз — президенттик кызматта турган учурда туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн да кадамдар жасалышы. Бардык дипломатиялык чөйрөлөр бирдей пикирде: Кошмо Штаттардагы жаңы администрация жакшыраак маалыматка ээ болушу керек жана уланып жаткан согуштун тобокелдиктери кеңири түшүндүрүлүшү зарыл" деди.

Фидан Израилдин Палестинадагы геноцидине ар ким ар кандай деңгээлде каршы экенин айтты.

Кээ бирлеринин каршылыгын ачык, кээ бирлеринин жабык эшик артында билдиргенин баса белгилеген Фидан, БУУдагы добуш берүүдө 156 өлкөнүн Израилге каршы добуш бергенин эске салды.

Дүйнөнүн дээрлик баары бирдей пикирде болгон маселени токтото албоо негизги көйгөй экенин айткан Фидан: “Дал ушул жерде дүйнө туш болгон мыйзамдуулук кризиси жана системалык кризис ачык көрүнүп турат” деди.

Фидан Израилге каршы ар кандай кадамдарды жасоо аракеттери уланып жатканын, “бирок күндүн аягында, Европадан жана АКШдан — чоң капитал жана саясий күч топтолгон жерлерден — колдоо улана берсе, бул адамзатка каршы кылмыш, геноцид токтобой турганы айкын”,-деп кошумчалады.

Бул жагдайдын эл аралык системада кыска мөөнөттө гана эмес, орто жана узак мөөнөттүү келечекте да ар кандай түрдө чыгымдарды жаратаарын билдирип: “Бул маселе боюнча иш-аракеттер уланууда. Бирок Газага болгон сезимталдык эч качан жоголбошу керек,” — деди.

Израилдин Газадагы чабуулдарын токтотуу үчүн Түркия дагы да таасирдүү кадамдарды таштайбы деген суроого Фидан: “Түркия башынан эле өзүнүн таасир чөйрөсүндө бардык аракеттерди көрдү,” — деп белгиледи.

"Эки тараптуу деңгээлде биз элчини чакыртып алуудан соода алакаларын үзүүгө чейин бардык кадамдарды жасадык. Көп тараптуу деңгээлде болсо, өзгөчө Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ), D-8, ЕБ платформалары жана Араб Лигасынын алкагында эмне кылса боло турганы боюнча олуттуу иш-аракеттерди жүргүзүп жатабыз",- деди.

Фидан “Европа Биримдиги жана АКШ ачык колдогон геноцидге Ислам өлкөлөрүнүн биргелешкен позициясы белгилүү бир деңгээлде гана таасир эте алаарын” айтып: “Ушул учурдан тартып, менимче Ислам өлкөлөрү дипломатиялык аракеттерин Израилге эмес, АКШга багыттоосу туурараак болот,” — деп кошумчалады.

Иликте
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"