ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Президент: «Кеңеш өлкөбүздүн улуттук жана эл аралык коммуникация мүмкүнчүлүктөрүн андан ары чыңдайт»
Эрдоган: «Эл массасы «алгоритмдик фашизм» деп аталган кыстоого кысылып жатат», - деп билдирди.
Президент: «Кеңеш өлкөбүздүн улуттук жана эл аралык коммуникация мүмкүнчүлүктөрүн андан ары чыңдайт»
Президент Эрдоган «2-Байланыш курултайына» катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган баш калаа Анкара шаарында өткөрүлгөн 2- Коммуникация кеңешинин биринчи күнүндө катышуучуларга кайрылды.

Сөзүн «Эң биринчи кезекте Израил тарабынан Газада курман болгондорду жана өз ишин идеалисттик жана кайрымдуу түрдө аткарып жүрүп өмүрүнөн ажыраган медиа өкүлдөрүн ырайым жана ыраазычылык менен эскерем» деп баштады.

Ал бүгүнкү күндө маалыматка жетүүнүн эч качан болбогондой ылдамдап, жеңилдеп жана кеңири жайылып жаткан динамикалуу доордо экенибизге көңүл бурду жана «Уюлдук жана байланыш технологияларында дээрлик ар бир күндө жаңы бир өнүгүү, жаңы бир кадам катталууда. Дүйнөнүн бир четинде болгoн кандай гана окуя болбосун мүнөттөрдүн, кээде секунддардын ичинде миллиарддаган адамга жетип жатат. Илгери сааттарыбызды, күндөрүбүздү, апталарыбызды алган иштер эми бир нече мүнөт ичинде бир баскыч же буйрук аркылуу чечилип кете алат» деди.

Өзгөчө жасалма интеллекттин моделдеринин кириши менен билим берүүдөн медиага, транспорттон соодага, саламаттык сактоодон айыл чарбага чейин бул технологиялардын берген мүмкүнчүлүктөрү колдонулуп жатканын белгиледи жана «Көпчүлүктү 'алгоритмдик фашизм' деп аталган бир кысымга кысууга аракет кылышууда. Бул процесс ичинде эң көп зыянга учуруп жаткан түшүнүк — эч шексиз чындык болуп жатат. Бирок коммуникациянын негизги максаты — туура жана ишенимдүү маалыматты кароочуга эң кыска жол менен жана эң кыска убакытта жеткирүү» деди.

«Коомдук дипломатиядан жасалма интеллектке, дезинформацияга каршы күрөштөн кырсыктар жана кризистик коммуникацияга, кабар өндүрүүдөн коммуникация укугуна жана санарип платформаларга чейин байланыш тармагындагы бардык темалар бул сессияларда каралып жатат — мен буларды абдан баалуу деп эсептейм» деди Президент.

Ал андан ары: «Кеңештин катышуучуларынын бай профили жана күчтүү мазмуну аркылуу биз көптөн бери сезилип келген бул тармактагы маанилүү боштукту толтурат деп чын жүрөктөн ишенем. Бул жерде даярдалган, жамааттык акылмандыктын жемиши болгон тыянактар, отчеттор жана коммюникелер жана эртең жарыялана турган акыркы декларация Түркиянын келечектеги көз карашын калыптандырып, өлкөбүздүн улуттук жана эл аралык байланыш мүмкүнчүлүктөрүн андан ары бекемдейт деп үмүттөнөм», - деп билдирди.

Иликте
Испаниянын түштүгүндө түн ортосунда болгон жер титирөө имараттар менен унааларга зыян келтирди
Эрдоган АК партиянын түптөлүшүнүн 25 - жылында сүйлөгөн сөзүндө:"Эми гана баштап жатабыз",- деди
Захарова Түркиядан келген тынчтык демилгелерин кылдаттык менен карап жаткандарын билдирди
Министр Фидандын Египет сапары тууралуу маалымат бөлүштү
Түркия "дос жана бир тууган" Пакистанды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Улуттук коргоо министрлиги Тынчтык операциясынын 52  жылдыгында шейиттерди жана ардагерлерди эскерди
Түркияда акыркы 24 жылда 2 миң 251 километр жогорку ылдамдыктагы темир жол линиясы курулду
Түрк аба жолдору Кытайдагы учуу желесине Чэндуну да кошту
АКШнын Коргоо министри Иранга каршы блокаданы "чексиз мөөнөткө" уланта ала тургандарын айтты
Нетаньяху Британияны "Ислам Республикасы" деп сыпаттады
АКШнын Иранга каршы согушу Кытайда электр жүк ташуучу унаалардын сатылышын көбөйттү
Ормуз кысыгында БАЭге таандык эки ADNOC танкери бутага алынды
ЦРУ Израилдин Иран Трампка каршы кутум уюштурган деген билдирүүсүнөн күмөн санап жатат
Латвияда аба мейкиндигин бузган дрон НАТОнун согуштук учактары тарабынан атып түшүрүлгөнү билдирилди
Индияда курулуп  жаткан туннелди суу каптап, 7 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды