Израиль Газада үч палестиналыкты өлтүрүп, ок атышууну токтотуу келишимин дагы бир жолу бузду
Израилдин Шужайя районуна дрондор менен жасалган чабуулдарында үч жаш палестиналык каза болуп, башка чабуулдарда да көп сандаган киши жаракат алды.
Медициналык булактар Израилдин Газа шаарынын чыгышында жана Газанын түндүгүндөгү ар башка аймактарды бутага алган чабуулдарынан үч палестиналык каза болуп, беш киши, анын ичинде бир баланын жаракат алганын билдиришти.
Булактар «Анадолу» агенттигине берген маалыматында, Газа шаарынын чыгышындагы Шужайия районундагы Муштаха көчөсүнө дрон менен жасалган чабуулда үч жаш жигиттин сөөгү шаар борборундагы «Эль-Ахли Араб» ооруканасына жеткирилгенин айтышты.
Каза болгондордун 17 жаштагы Махмуд Сахир, 17 жаштагы Юнус Саед Аяд жана 20 жаштагы Абдулла Тейсир Шумер экени аныкталды.
Башка бир чабуулда Израилге таандык дрондун Газа шаарынын чыгышындагы Туффах конушуна граната ыргытышы менен төрт палестиналык жаракат алды.
Жарадар болгондор шаардын борборунда Аль-Сарая аянтындагы Палестинанын Кызылай талаа ооруканасына жеткирилди.
Газанын түндүгүндө Жабалия конушундагы «Халава» жер которгондор лагерине Израиль күчтөрү ок атып, бир бала орточо деңгээлде жаракат алды.
Палестиналык булактар бутага алынган аймактар дын Газада Израиль күчтөрүнүн учурда текшерүүгө алган аянттардын тышында экендигин айтышты.
Булактар азыр да Газанын 50% дан ашыгын Израилдин оккупациясы астында экенин белгилешти.
Израиль күчтөрү ок атышпоо келишими күчүнө киргенден бери күн сайын артиллерия жана ок атуулар менен эрежелерди бузууну улантууда.
Өткөн жылдын октябрь айында келишим күчүнө киргенден бери Израилдин кол салууларынан кеминде 651 палестиналык өлүп, 1741 киши жаракат алды.
Палестиналык расмий өкүлдөрдүн маалыматы боюнча, 2023-жылдын 8-октябрынан бери уланып жаткан согушта 73 миңден ашык палестиналык набыт болуп, 172 миңи жарадар болгон. Ошондой эле аймактагы жарандык инфраструктуранын 90%ы жок кылынган. Эксперттер Газадагы чыныгы жоготуулар расмий көрсөткүчтөрдөн алда канча жогору болушу мүмкүн экенин эскертишүүдө.