ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Король Чарльздын иниси Эндрю кызмат абалынан кыянаттык кылган деген шек менен кармалды
Өткөн аптада ортого чыккан жаңы маалыматтар көрсөткөндөй, ханзаада Эндрю Улуу Британиянын соода өкүлү болуп иштеп турганда сексуалдык кылмыштар боюнча соттолгон Джеффри Эпштейнге жашыруун документтерди жөнөткөн.
Король Чарльздын иниси Эндрю кызмат абалынан кыянаттык кылган деген шек менен кармалды
Мурунку ханзаада Эндрю Англиянын чыгышында Королдук үй-бүлөнүн салттуу Рождество сыйынуусуна катышкандан кийин чыгып баратат, 2023-жылдын 25-декабры. [АРХИВ] / AFP

Полиция ханзаада наамынан ажыратылган Эндрю Маунтбеттен-Виндзордун соода өкүлү болуп турган учурунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен камакка алынганын жарыялады.

Полиция департаменти бейшемби күнү Улуу Британиянын мыйзамдарына ылайык Маунтбеттен-Виндзордун ысымын расмий ачыктаган жок. Бирок анын камакка алынгандыгы тууралуу суроого жооп иретинде, полиция 60 жаштардагы адамдын кармалганы тууралуу билдирүүгө шилтеме берди.

Темз Вэлли полициясы билдирүүсүндө: "Тергөөнүн алкагында биз бүгүн (19-февралда) Норфолктон 60 жаштардагы эркек кишини борбордук мамлекеттик кызматты кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен камакка алдык», — деп билдирди.

Билдирүүдө: “Кенен түрдө баа берүүдөн кийин мамлекеттик кызматты кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча тергөө баштадык. Бул кылмышты иликтөөдө өнөктөштөрүбүз менен бирге иштешип жатып, тергөөнүн бүтүндүгүн жана объективдүүлүгүн сактоо биз үчүн өтө маанилүү», — деп айтылды.

Полиция камакка алуудан кийин эки даректе — бири Британиянын чыгышында, экинчиси борбор шаар Лондондун батышында тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Өткөн аптада ортого чыккан жаңы маалыматтарга ылайык, Эндрю Улуу Британиянын соода өкүлү болуп турганда сексуалдык кылмыштар боюнча соттолгон Джеффри Эпштейнге жашыруун документтерди жөнөткөн.

Иликте
Европа Биримдиги Орусиянын аскердик өнөр жайына каршы рекорддук сандагы жаңы санкцияларды кабыл алды
Украина: "Зеленский президент Эрдогандын ортомчулугунда Путин менен жолугушушу мүмкүн"
Судан менен Египеттин чек арасындагы аба соккусунан 72 кенчи каза болгон деген айыптоолор айтылууда
БУУ: "Жибутинин жээгинде кеме кырсыгынан 139 адам каза болуп, 84 адам дайынсыз жоголду"
АКШда коомдук каражаттар менен каржыланган Трампты колдогон жарнамаларды токтотуу чечими
Ирактын согуштук учактары өлкөнүн чыгышындагы ДЕАШ террордук уюмуна таандык жайларды талкалады
Йемен армиясы: "900дөн ашык хусит мүчөсү жок кылынды"
Бурханеттин Дуран Израилдин коргоо министри Кацтын билдирүүлөрүнө каршылык көрсөттү
Түркия, Египет, Пакистан жана Сауд Арабиясы хуситтердин кол салууларын айыпташты
Израиль ок атышпоого карабастан Ливандын түштүгүнө абадан сокку урду
Канкор Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 74 миң 377ге жетти
Израилдик баскынчылар Батыш Шериада палестиналыктар жыйнаган зайтундарды уурдап кетишти
Эрдогандын "Түрк дүйнөсүнө" байланыштуу билдирүүсү
Эр-Рияд аэропортуна кол салуудан 12 адам каза болуп, 309 адам жаракат алды
ASELSAN ГӨКАЛП системасын таанытты