Вашингтон Иранга каршы жаңы соккуларды жасоону карап жатканы тууралуу маалыматтардан кийин, АКШнын президенти Дональд Трамп өз өлкөсү Иранга «эртең» сокку урушу же Тегеран режими менен «чоң жана жакшы» келишимге жетиши мүмкүн экенин айтты.
Мүмкүн болгон сокку боюнча чечим кабыл алууга канчалык жакын экени суралганда, Трамп журналисттерге: «Биз бул тууралуу ойлонуп жатабыз, балким, эртең жасайбыз», - деп жооп берди.
Ал кошумчалап: «Мен муну чын эле жасай турган болсом, сизге айтат деп ойлойсуңарбы?»,-деди.
Трамп Иран АКШ менен келишимге жетишүү менен андан аркы аскердик чабуулдардан кача аларын айтып, «Алар келишим түзгүсү келет, бирок көйгөй: алар келишимге карманышабы?» деди.
Максаты Ирандын келечекте өзөктүк куралды иштеп чыгышына жол бербөө экенин айткан Трамп АКШнын В-2 бомбалоочу учактары менен мурунку операциясы туруктуу натыйжага жетүү үчүн жетишсиз болорун айтты.
Трамп:«Мен муну туруктуу кылышым керек. Мен муну жасап жатканымдын бирден-бир себеби ушул», - деди.

Шайлоодон кийинки чабуул пландары
Акыркы билдирүүлөрдө, айрыкча The New York Times гезитинде, АКШ менен Израиль АКШнын орто мөөнөттүү шайлоосунан кийин Иранга каршы жаңы чабуулдарга аскердик даярдыктарды күчөтүп, кыска, бирок интенсивдүү операция үчүн деталдуу пландардын үстүндө иштеп жатышканы ачыкка чыкты.
Гезит АКШнын расмий өкүлдөрүнө жана жогорку деңгээлдеги талкуулар менен тааныш булактарга шилтеме жасап, эки өлкөнүн тең аскерлери аскердик машыгууларын, анын ичинде чабуул маневрлерин машыгуу үчүн Ирактын аба мейкиндиги аркылуу учууларды көбөйткөнүн билдирди..





















