САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Иран армиясы: АКШ тарабынан кандайдыр бир жаңы кол салуу болсо, согуш аймак менен гана чектелбейт
Иран армиясынын басма сөз катчысы, бригада генералы Мухаммед Акраминиа АКШнын ар кандай жаңы чабуулуна «мурдагыга караганда кеңири, басымдуу жана тез арада жооп кайтарыларын» жана согуш аймак менен гана чектелбестигин билдирди.
Иран армиясы: АКШ тарабынан кандайдыр бир жаңы кол салуу болсо, согуш аймак менен гана чектелбейт
Иран армиясынын басма сөз катчысы, бригада генералы Мухаммед Акраминиа

Ирандын Мехр маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, армиянын басма сөз катчысы Акраминиа радио программасында учурдагы маселелер боюнча билдирүүлөрдү жасады.

Акраминиа АКШнын чабуул коркунучтарына жооп катары «душмандын бута банкы» жаңыртылганын жана Куралдуу күчтөрдүн коргонуу жана чабуул мүмкүнчүлүктөрү жакшыртылганын билдирип, «АКШнын ар кандай жаңы агрессиясына мурдагыга караганда кеңири, басымдуу жана тез арада жооп кайтарылат жана жаңы согуш чыккан учурда, согуштун географиясы Батыш Азия аймагы менен гана чектелбейт» деп кошумчалады.

Ирандын лидери аятолла Мүжтеба Хаменеи 31-октябрда Башкы штабдын башчысы генерал-майор Али Абдуллахи, Иран армиясынын командачысы генерал-майор Амир Хатами жана Революциялык гвардия корпусунун командачысы генерал-майор Ахмед Вахиди сыяктуу жогорку даражалуу аскер кызматкерлери менен жолугушууда аларга ар кандай чабуулга «тез арада, натыйжалуу жана географиялык чек араларсыз» жооп кайтарууну тапшырганы кабарланган.

Иликте
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Рютте Түркиянын НАТОдогу ролун баса белгиледи
Россиянын Волгоград шаарында дрон чабуулунан 4 адам каза болду
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады