Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мёндун чакыруусу менен Сеулга барган Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган расмий азем менен тосуп алынды.
Президент Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдоганды президенттик сарайда Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён жана жубайы тосуп алышты.
Эки лидер азем өтүүчү жайдагы ордун алгандан кийин аскердик оркестр Түштүк Кореянын мамлекеттик гимнин жана Түркиянын улуттук гимни болгон «Көз карандысыздык маршын» аткарды.
Аземдин жүрүшүндө Эрдоган менен Ли делегация мүчөлөрүн бири-бирине тааныштырышты.
Андан соң эки лидер жекеме-жеке сүйлөшүү өткөрүү үчүн жолугушуу залына өтүштү.


























