ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборго, кемелерге жана портторго сокку урдук"
Сочи шаарына дрон менен кол салууда болсо мунай кампасында өрт чыкты.
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборго, кемелерге жана портторго сокку урдук"
Сочи шаарына учкучсуз учуучу аппараттар менен жасалган чабуулда мунай сактагычында өрт чыкты

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинада аскердик максаттарда колдонулган логистикалык борборго, портторго жана кемелерге сокку урулганын жарыялады. 

Министрликтин билдирүүсүндө орус армиясы Украинадагы буталарга жогорку тактыктагы куралдарды жана учкучсуз учуучу аппараттарды (УУА) колдонуп абадан сокку ургандыгы маалымдалды. 

Киев аймагындагы аскердик жүктөрдү сактоо жана ташуу үчүн колдонулган логистикалык борборго түн ичинде сокку урулганы кабарланган билдирүүдө, Южный жана Черноморск портторунда аскердик жүктөрдү ташыган эки кеме, ошондой эле аскердик кампа жана терминал бутага алынганы белгиленди. 

Билдирүүдө Одесса облусунун Мирное конушундагы "Новодесса" трансформатордук көмөкчордонуна да сокку урулганы айтылды. 

Ошол эле учурда, Орусиянын Краснодар аймагынын Операциялык борбору Сочи шаарына дрон менен кол салуу учурунда мунай кампасында өрт чыкканын жарыялады.

Борбордун билдирүүсүндө Сочи шаарына жасалган дрондук чабуулда көптөгөн имараттар жабыркаганы белгиленип, "Мунай кампасында да өрт чыкты" деп кошумчаланды. 

Билдирүүдө тез жардам кызматтарынын топтору ишин улантып жатканы айтылды.

Иликте
НАТОнун жылдык ядролук куралдан коргонуу машыгуусу 13-октябрда башталат
АКШга жакындаган Исаиас бороонуна байланыштуу мажбур эвакуациялоо буйругу берилди
Украина БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылууда
Зеленский, Украинанын сүйлөшүү тобу эртең Виткофф жана Кушнер менен жолугушарын билдирди
Түркия менен Кытай космостук технологиялар боюнча келишимге кол коюшту
УКМ: Сауд Арабиясына аскердик күчтөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү берүү жана жайгаштыруу чаралары каралды
Россия менен Украинанын бири-бирине кол салууларынан кеминде 56 киши каза болду
Түркиянын тогуз айдагы автомобиль экспортунда ЕБ алдыңкы орунда
Отчет: Иран согушунда АКШнын 81 аскердик аба техникасы жоголду же зыян тартты
Түркия да 2036-жылкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкер
CNN: Стамбул аэропорту Лондонду тактыдан түшүрүп, асманга үстөмдүк кылууда
Эль-Ниньо Тынч океандын температурасын рекорддук деңгээлге жеткириши мүмкүн
30 долларга алынган картина аукциондо 1,35 миллион долларга сатылды
Кытайлык хакер Түштүк Кореянын банктарына киберчабуулдарда жасалма интеллектти колдонгон
Францияда студенттердин нааразычылыгы өлкөнү башаламандыкка алып келди