ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия Нетаньяху жана 36 кишиге Газадагы геноцидге байланыштуу камакка алуу чечимин чыгарды
Нетаньяху башкаруусундагы Израиль Газада 2023-жылдын октябрь айынан бери жүргүзүп жаткан геноцидде көпчүлүгү аялдар жана балдардан турган 69 000ге жакын адамды өлтүрдү жана 170 600дөн ашуун адам жаракат алды.
Түркия Нетаньяху жана 36 кишиге Газадагы геноцидге байланыштуу камакка алуу чечимин чыгарды
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху. / Reuters
8 Ноябрь 2025

Түркия Нетаньяху жана башка 36 шектүүгө Газада Палестина аймагында жасалган "геноцид" кылмыштары боюнча камакка алуу чечимин чыгарды.

Стамбул Республикалык прокуратурасы жума күнү Газадагы "геноцид" боюнча айыптоолорго байланыштуу Нетаньяху менен бирге 37 шектүүгө карата камакка алуу чечими чыгарылганын жарыялады.

Башкы прокуратура Израилдин Газадагы жарандарга каршы "системалуу" чабуулдары комплекстүү иликтөөдөн кийин геноцид жана адамзатка каршы кылмыш катары мүнөздөлгөнүн билдирди.

Прокурорлук тарабынан берилген маалыматта Израилдин Газа аймагындагы жарандарга карата “системалуу” чабуулдарына байланыштуу кеңири иликтөө жүргүзүлгөндөн кийин бул буйруктардын чыгарылганы белгиленди. Бул аракеттер “геноцид” жана адамзатка каршы кылмыштар деп мүнөздөлдү.

Тергөөнүн Израилдин деңиз күчтөрү Газага жардам жеткирүүгө аракет кылган жарандык гуманитардык миссия болгон "Глобалдык Сумуд флотилиясы" миссиясына тоскоолдук кылгандан кийин, жабырлануучулар жана өкүлдөр тарабынан берилген арыздардын негизинде башталгандыгы айтылды.

Билдирүүдө жабырлануучулардан, күбөлөрдөн жана эл аралык укуктун жоболорунан алынган далилдер Израилдин аскердик жана саясий лидерлери оорукана, жардам кербендери менен жарандардын инфраструктурасына чабуул жасоо буйруктарын бергенин жана ишке ашырганын көрсөткөндүгү белгиленди.

Прокурорлук кеңсе Израилдин аскерлери тарабынан алты жаштагы Хинд Ражабдын өлтүрүлүшү, 500дөн ашуун адамдын өмүрүн алган аль-Ахли Араб ооруканасына бомба таштоо жана Түрк-Палестина достук ооруканасына чабуул сыяктуу окуяларды мисал келтирген.

Согуш кылмыштар

Териштирүү Израилдин Газа блокадасы "гуманитардык жардамдын жарандарга жетишине атайылап тоскоолдук кылып жатканын" жана мунун эл аралык укук боюнча кошумча согуш кылмышы болуп саналаарын белгиледи.

Нетаньяху, коргоо министри Исраэль Кац, улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир, башкы штабдын башчысы Херци Халеви жана деңиз күчтөрүнүн командири Дэвид Саар Салама "геноцид" жана "адамзатка каршы кылмыштар" боюнча айыпталганы айтылды.

Шектүүлөр учурда Түркияда болгондуктан, прокуратура соттон бул адамдарды камакка алуу жана экстрадициялоо үчүн эл аралык камакка алуу ордерлерин (кызыл билдирүү) чыгарууну талап кылды.

Териштиүүнүн Стамбул коопсуздук директорлугу жана Улуттук Чалгындоо Уюму менен биргеликте жүргүзүлгөндүгү белгиленди.

Өткөн жылдын ноябрь айында Эл аралык кылмыш соту Нетаньяху жана мурдагы коргоо министри Йоав Галлантка Газадагы согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар боюнча камакка алуу ордерин чыгарган.

Иликте
Япониянын түндүк-чыгыш аймагында 6,7 баллдык жер титирөө катталып, цунами коркунучу жарыяланды
Пашинян Азербайжан менен "Карабах маселесин" чечүү үчүн биргелешкен жол картасын сунуштады
Германиянын канцлери Мерц: Украинанын аймактык жеңилдиктер боюнча сунуштары Трампка билдирилди
Лавров: Орусиянын НАТО жана Евробиримдикке кол салуу планы жок
Сирия өзгөчө сотторду жоюу менен Асаддан кийинки өткөөл адилеттикке карай бара жатат
АКШ Орусиянын энергетикалык агымдарын калыбына келтирүүнү сунуштап жатат
Катуу жааган жамгырдан улам Газадагы качкындар лагерлерин суу каптады
Түркия кечигип жаткан Каспий газ кууру үчүн ишке киришти
АКШнын БУУдагы өкүлү: Трамптын Газада ок атышууну токтотуу планы боюнча жакында кадамдар ташталат
АКШнын элчиси: Түркия Газанын турукташтыруу күчтөрүнө кошулушу керек
Петро Колумбиянын баңгизатка каршы күрөшүнө байланыштуу Трампка катуу жооп берди
Түркия  Газада журналисттердин бутага алынышын көрсөткөн «Чындыкты өлтүрүү» аттуу макала жарыялады
АКШ Украина жана Израиль үчүн 900 миллиард долларлык коргонуу каражаты мыйзамын бекитти
Израиль аскерлери оккупациядагы Батыш Шериада 100гө жакын палестиналыкты камакка алды
Исландия "Евровидение" ыр сынагынан чыккан бешинчи Европа өлкөсү болуп калды