Түркия Израилдин Сириянын түштүгүнө жасаган чабуулдарын "коркунучтуу эскалация" деп айыптады

Тышкы иштер министрлиги бул кол салуу эл аралык укукту жана Сириянын эгемендүүлүгү менен аймактык бүтүндүгүн бузгандыгын билдирди.

By
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги: Кол салуу эл аралык укукту, Сириянын эгемендүүлүгүн жана аймактын бүтүндүгүн бузду / Public domain

Түркия Израилдин Сириянын түштүгүндөгү аскердик инфраструктурага жасаган чабуулун айыптап, кооптуу эскалация катары мүнөздөдү.

Тышкы иштер министрлиги жума күнү жарыялаган билдирүүдө чабуулдун эл аралык укукту бузуп, Сириянын эгемендүүлүгүнө жана аймактын бүтүндүгүнө зыян келтиргенин белгиледи.

Министрлик эл аралык коомчулукту Израилдин кол салууларын токтотуу үчүн жоопкерчиликти алууга чакырып, 1974-жылдагы Күчтөрдү ажыратуу келишимин ишке ашыруунун маанисине көңүл бурду.

Билдирүүдө Түркия Сириянын аймактык бүтүндүгүн, биримдигин жана эгемендүүлүгүн негиз кылып, өлкөдө туруктуу тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Сирия өкмөтү жана эли менен тилектештигин бүгүнкү күнгө чейин кандай колдосо, мындан ары да улантаары баса белгиленди.

Израилдин аскерлери буга чейинки билдирүүсүндө Сириянын түштүгүндөгү Дамаск режимине таандык аскердик базалардагы командалык борборду жана курал-жарак кампаларын бутага алганын жарыялаган.

Сириянын Тышкы иштер министрлиги да аскердик инфраструктурага багытталган чабуулду айыптады.