Судандын түштүгүндөгү дрондук кол салуудан болжол менен 80 адам каза болду, алардын көпчүлүгү үйлөрүнө кайтуу үчүн аялдамада күтүп турушкан.
Саламаттыкты сактоо булактары жана күбөлөр жекшемби күнү кечинде Кордофан аймагындагы Аль-Дибаб шаарчасындагы базардын жанында болгон кол салуудан кийин 50 адамдын сөөгү жерге берилгенин билдиришти.
Ошондой эле окуяда жаракат алган 47 адамдын 30у болсо алган жаракаттарынан улам кийинчерээк каза тапканы айтылды.






















