ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШ, Түштүк Корея жана Япония Түндүк Кореянын коркунучуна каршы биргелешкен аба машыгуусун өткөрдү
Коргоо министрлери Сеулда жолугушуп Түндүк Корея жана Кытайдын коопсуздук кызматташуусу чыңдалып жатканда "болуп көрбөгөндөй" аскердик күч топтоп жатканы тууралуу эскертти.
АКШ, Түштүк Корея жана Япония Түндүк Кореянын коркунучуна каршы биргелешкен аба машыгуусун өткөрдү
/ Reuters

Сеул коргоо министрлиги Түндүк Кореянын атомдук жана ракеталык коркунучтарына каршы биргелешкен жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында Түштүк Корея, АКШ жана Япония 11-июлда биргелешкен аба машыгуусун өткөргөнүн билдирди.

Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Түштүк Кореянын күч алган атомдук жана ракеталык коркунучтарынын күчөшүнө каршы туруу максатында өткөрүлгөн машыгууда АКШнын B-52H стратегиялык бомбалоочу учагы Корей жарым аралына жайгаштырылды. Ушундайча 2025-жылы мындай учак аймакта өткөрүлгөн машыгууга биринчи жолу катышты.

Жергиликтүү Йонхап маалымат агенттигинин билдиришинче, машыгуу Түштүк Кореянын Чеджу аралынын жакынындагы эл аралык аба мейкиндигинде өткөрүлдү. Машыгууга АКШнын стратегиялык бомбалоочу учагы, ошондой эле Түштүк Кореяга таандык KF-16 жана Японияга таандык F-2 согуштук учактары катышты.

18 - июндагы ушуга окшогон машыгуулардан бир айдан кийин ишке ашкан машыгуу Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Ли Чжэ Мён жетектеген биринчи операция болуп катталды.

Министрлик : “Жакын координациянын негизинде үч өлкө Түндүк Кореянын коркутууларына бирдикте бөгөт коюу жана каршылык көрсөтүү үчүн кызматташтык түзөт жана үч тараптуу машыгууларды улантат”,- деп билдирди.

Үч өлкөнүн жогорку даражалуу аскер башчыларынын Сеулдагы жолугушуусуна туш келген биргелешкен машыгуулар аймактык коопсуздуктун динамикасын карап чыгууга жана үч тараптуу коопсуздук кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн жолдорун изилдөөгө багытталган.

АКШнын башкы штабынын төрагасы, армиянын генералы Дэн Кейн Түндүк Корея жана Кытайдын “болуп көрбөгөндөй” аскердик күчүнүн алдында Түштүк Корея, АКШ менен Япониянын арасындагы коопсуздук кызматташуунун бекемделишинин турмуштук мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

Кейн түштүк кореялык кесиптеши адмирал Ким Мён Су жана япониялык кесиптеши генерал Ёсихидэ Йосида менен өткөргөн жыйынында буларды айтты : “АКШ катары приоритетибиз - токтотуну кайра калыбына келтирүү жана муну аткаруу үчүн үч өлкөнүн арасында үч тараптуу кызматташуу керек. Түндүк Корея (Демократиялык элдик респуьлика) жана Кытай өз күн тариптерин алдыга жылдыруу максатында ачык жана так түрдө аскердик күч чогултууну улантууда”.

Сеулда өткөрүлгөн бул алгачкы коргоо министрлеринин үч тараптуу жыйыны ошол эле учурда АКШнын башкы штабынын төрагасы катары Кейндин Чарльз К. Браундун 2023 - жыл ноябрь айындагы Сеул сапарынан кийин Түштүк Кореяга жасалган жогорку деңгээлдеги аскердик сапар болуп катталды.

Агенттиктин маалыматына ылайык, үч өлкө андан тышкары көп тармактуу үч тараптуу Freedom Edge машыгуусун кеңейтүү боюнча макулдашып, Түндүк Кореянын өзөктүк жана ракеталык ишмердүүлүгүн, ошондой эле Россия менен аскердик кызматташтыгынын күчөшүн айыпташты.

Иликте
Ак үй "Trump TV" каналын ишке киргизди
160тан ашык спортчу Ирландия-Израиль беттешин бойкоттоо чакырыгына кол коюшту
Японияда Дужуан тайфунунан төрт адам каза болду
Министр Курум Нью-Йоркто COP31ди таанытты
Дезинформация менен күрөшүү борбору ТИМге таандык «Уганда» тууралуу маалыматты четке какты
Министр Фидан Түркия-Египет-Пакистан-Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты
АКШнын президенти Трамп Нью-Йоркто Франциянын президенти Макрон менен жолугушту
Түрк аба күчтөрү Кипр аралынын түштүгүндө машыгуу учууларын өткөрдү
Израилдин Газадагы чабуулдарынан 9 адам жаракат алды
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборлорго, портторго жана кемелерге сокку урдук"
Алгачкы жыйынтыктар боюнча парламенттик шайлоодо "Бирдиктүү Орусия" партиясы артыкчылыкка ээ болду
Халепте аскердик аянтта болгон жарылуулардан 4 адам жаракат алды
Ирандын Революциялык гвардия корпусу: "Ормуз кысыгында MQ-1 үлгүсүндөгү дрон атып түшүрүлдү"
Президент Эрдоган Нью-Йорктогу Түрк үйүнө барганында аны күтүп турган адамдар менен учурашты
Сауд Арабиясы хуситтердин Риядга атылган баллистикалык ракетасы жок кылынганын жарыялады