ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Россия менен Украина энергетикалык объектилерге карата кол салуулар боюнча бири бирин айыптоодо
Москва Украинанын 51 дронун атып түшүргөнүн билдирсе, Киев 320 дрондун 283нүн жок кылганын, өзгөчө ракеталарды да жок кылганын айтты.
Россия менен Украина энергетикалык объектилерге карата кол салуулар боюнча бири бирин айыптоодо
Россия менен Украина энергетикалык объектилерге түнкү аба соккулары боюнча бири-бирин айыпташууда. / Reuters
16 Октябрь 2025

Россия менен Украина бейшемби күнү бири-бирин энергетика инфраструктурасына түн ичинде абадан сокку урду деп айыпташты.

Волгоград губернатору Андрей Бочаров Россиянын Коргоо министрлигинин Украинанын түштүк аймактагы энергетикалык инфраструктурага карата “чоң масштабдагы” дрон чабуулунун мизин кайтарганын билдирди.

Бочаров атып түшүрүлгөн дрондун калдыктары облустун Новониколаев районундагы Балашовская трансформатордук станциясында өрттүн чыгышына себеп болгонун билдирип:"Өрт өчүрүүчүлөр өрттү ылдамдык менен өчүрүшүүдө. Оңдоочулар тегеректеги калктуу конуштарга электр жарыгын берүү үчүн иштеп жатышат. Турак жайларда кыйроо жана жабыркагандар жок", — деди.

Воронеждин губернатору Александр Гусев коңшу аймакта болгон дрон чабуулунан кийин өз аймагындагы бир нече айылдын да электр жарыгысыз калганын айтып, бирок кошумча маалымат берген жок.

Коргоо министрлиги түн ичинде 51 украин дронунун атып түшүрүлгөнүн, анын 11нин Волгоград облусунун үстүндө атылганын билдирди.

Бир тараптан Украинанын улуттук мунай жана газ компаниясы Нафтогаз Telegram аркылуу Россиянын объектилерине масштабдуу чабуул жасап, кээ бир “олуттуу” объектилердеги ишин убактылуу токтотконун жарыялады.

"Мындай чабуулдар компаниянын өзүнүн газ өндүрүү көлөмүнө түздөн-түз таасирин тийгизет жана биз мунун бир бөлүгүн импорт аркылуу компенсациялоого аргасызбыз", — деп айтылды билдирүүдө.

Украинанын энергетика тармагынын оператору Укренерго энергетика системасындагы оор кырдаалдан улам борбор шаар Киев баш болгон бир катар аймактарда авариялык электр жарыгы өчүрүлгөнүн жарыялады.

Украинанын жеке энергия өткөрүүчүсү DTEK да Полтава аймагындагы газ өндүрүүчү ишкананын ишин токтотконун жарыялады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский X платформасында: "Бул күздө орустар биздин энергетикалык инфраструктурабызга күн сайын чабуул жасап жатышат",- деп, Россияга аскердик жана экономикалык кысымды күчөтүү чакырыгын кайталады. "Бул маселе боюнча күчтүү чечимдер кабыл алынышы мүмкүн жана бул чечимдер Украинанын бардык өнөктөштөрүнөн көз каранды. Өнөктөштөрдүн күчү согуштун бүтпөсүн түздөн-түз аныктайт",- деп кошумчалады.

Жума күнү Вашингтондо АКШнын президенти Дональд Трамп менен болгон жолугушуусуна токтолгон Зеленский: "Учурда Жакынкы Чыгышта тынчтыкты орнотуу үчүн олуттуу импульс бар. Бул Европада да мүмкүн. Мен бүгүн жана эртең Вашингтондо ушул тууралуу сөз кылам",- деди.

Украинанын аскердик аба күчтөрү абадан коргонуунун түнү менен Россия тарабынан учурулган 320 дрондун 283үн жана 37 түрдүү ракетанын бешөөсүн атып түшүргөнүн билдирди.

Украинанын Башкы штабы түнкү кол салууда Саратов мунай иштетүүчү заводуна сокку урганын ырастады, бирок орус бийликтери бул дооматка азырынча комментарий бере элек.

Иликте
Иран Ормуз кысыгындагы чыңалуудан улам Перс булуңундагы порттор коопсуз болбой турганын айтты
Судандагы ачкачылык кризиси тереңдеп жатат
Канцлер Мерц Нетаньяхуну Батыш Шериа темасында эскертти
Исламабадда өзөктүк соодалашуу: Ирандан 5 жылга тоңдуруу сунушу, АКШ 20 жылга чейин талап кылууда
Түрк тышкы иштер министри Жакынкы Чыгыштагы согушту кесиптештери менен талкуулады
Вэнс: Пакистандагы Иран тууралуу сүйлөшүүлөрдө "чоң ийгиликтерге" жетишилди
Украина менен Россия Пасхадан кийин дрон чабуулдарын кайра баштады
Хакан Фидан: "Израилдин Түркияны жаңы душман катары жарыялоо аракетин көрүп жатабыз"
Европа Биримдиги Иран согушунан улам энергетикалык бааларды координациялоого чакырууда
Түштүк Корея менен Польша коргонуу жаатындагы байланыштарын тереңдетүүдө
Иран менен АКШ сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураганга чейин келишимге жетишүү алдында турган
Орусия менен Украинанын ортосунда Пасхага карата ок атышпоо аяктады
Газадагы ун кризиси тереңдеп баратат, азыркы көлөмү суроо-талаптан кыйла төмөн
Пасха майрамындагы элдешүү бузулуп, Орусия менен Украина бири-бирин айыптап жатышат
Израилдеги оппозиция Нетаньяхуну Иран согушундагы ийгиликсиздик үчүн сындап жатат