ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Иранда БУУнун ядролук көзөмөлдөө мекемеси менен кызматташпоо мыйзамы ишке кирди
Тегеран Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик менен кызматташууну токтотуу боюнча мыйзам долбоорунун Израиль менен АКШнын өлкөнүн өзөктүк объектилерине кол салууларынан кийин “милдеттүү” экенин билдирди.
Иранда БУУнун ядролук көзөмөлдөө мекемеси менен кызматташпоо мыйзамы ишке кирди
/ AFP

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Бириккен Улуттар Уюмунун атомдук энергия боюнча агенттиги менен кызматташууну токтотуу тууралуу жаңы мыйзам парламент тарабынан бекитилип, Көзөмөлчүлөр кеңеши тарабынан колдоого алынгандан кийин күчүнө киргенин билдирди.

Арагчи мамлекеттик телеканлар аркылуу: “Парламент бекиткен жана бүгүн Көзөмөлчүлөр кеңеши жактырган мыйзам биз үчүн милдеттүү болуп саналат жана анын аткарылышына эч кандай шек жок”, - деп билдирди.

“Мындан ары биздин [Эл аралык атомдук энергия агенттиги] МАГАТЭ менен болгон мамилебиз жана кызматташуубуз жаңы формага өтөт”, - деп кошумчалады.

Бул мыйзам акыркы жумаларда Израиль жана АКШ тарабынан Ирандын атомдук объектилерине жасалган чабуулдарга түз жооп катары каралууда.

Арагчи кагылышуу учурунда келтирилген зыяндын “олуттуу” экенин жана Ирандын Атомдук энергия агенттигинин адистеринин кыйроонун масштабын кароону улантып жаткандарын билдирди.

Өзгөчө компенсация маселеси азыр өкмөт үчүн эң башкы приоритет экенин белгиледи.

АКШ менен сүйлөшүүлөрдү четке кагуу

Ошол эле учурда АКШнын расмий өкүлдөрү жана бул маселеге жакын булактар CNN телеканалына Трамп администрациясынын Тегеран менен атомдук сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо үчүн жашыруун дипломатиялык аракеттерди жүргүзүп жатканын билдиришти.

Маалыматтарга караганда, администрация санкцияларды жеңилдетүү, чектелген каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү жана уран байытууну камтыбаган 20–30 миллиард долларлык жарандык атомдук программага колдоо көрсөтүү сыяктуу варианттарды карап жатат.

АКШнын президенти Дональд Трамп “сүйлөшүүлөрдүн кийинки жумада башталарын айтса да Арагчи мындай ырастоолорду четке какты.

Арагчи Тегеран сүйлөшүү үстөлүнө келет деген “жоромолдорду” токтотуп, ага “олуттуу карабоо керектигин” айтты.

“Жаңы сүйлөшүүлөрдү баштоо боюнча эч кандай макулдашуу, келишим же сүйлөшүүнүн болбогонун ачык айткым келет. Сүйлөшүүлөрдү баштоо боюнча эч азырынча эч кандай план жок”,- деди.

Израиль менен болгон согуштагы ок атышууну токтотуудан кийин биринчи жолу эл алдына чыккан Ирандын диний лидери Али Хаменей Ирандын Израилге каршы “жеңишин” мактап, АКШнын кысымына эч качан баш ийбей турганын жана Вашингтондун кемсинтүүчү “шапалак” жегенин билдирди.

“Американын президенти окуяларды апыртты жана булапыртууга анын муктаж экендиги ортого чыкты”,- деген Хаманей АКШнын Ирандын атомдук программасы ондогон жыл артка кеткендиигне байлныштуу сөздөрүн четке какты.

Омандагы сүйлөшүүлөр

Ак үйдүн катчысы Каролайн Левитт АКШнын Иран менен ортомчулар аркылуу жакын байланышта экенин бирок азырынча сүйлөшүүлөрдүн пландала электигин тактады.

“Биз ар дайым дипломатия жана тынчтыкка басым жасайбыз”, - деди.

“Ирандын уран байытуу болбостон тынчтык максатындагы жарандык ядролук программага макул болууга чакырабыз.”

Трамп администрациясынын учурдагы мамилеси Иранды байытылган уран өндүрүүнүн ордуна импорттоого багыттайт, бул Бириккен Араб Эмираттары колдонгон моделге окшош метод

Эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр буга чейин бешинчи айлампага жеткен, бирок Израилдин чабуулдары менен үзгүлтүккө учураган.

Оманда өтүшү пландалган алтынчы айлампа токтотулду.

Иликте
Омандын жээгинде мунай ташуучу танкер атылды
Орусиянын Краснодар аймагына дрон чабуулунан кийин мунай иштетүүчү заводдо өрт чыкты
TEKNOFEST Көгүлтүр мекенде Turkcell компаниясы алыстан роботтук хирургиялык сыноо өткөрдү
Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 73 миң 422ге жетти
Президент Эрдоган: "Аймагыбызда туруксуздукка жол бербей турганыбызды билдирдик"
Европа Биримдигинен Украинага 6,1 миллиард евролук коргонуу колдоосу
Түркиянын А улуттук волейбол командасы Словенияны 3:1 эсебинде жеңди
Омандын тышкы иштер министри Бусаиди эртең Тегеранга барат
АКШ 75 өлкөнүн жарандары үчүн иммиграциялык визаларга тыюу салууну жокко чыгарды
Орусиянын Ozon компаниясына таандык үч кампага дрондор менен чабуул жасалды
АКШ менен Канаданын ортосундагы тарифтик чыңалуу: Трамп Оттава администрациясын катуу сынга алды
Израилдин Газага жасаган геноциддик чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 419га жетти
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат