Йемендеги хуситтер Сауд Арабиясынын чыгыш аймагына карай учурган 3 баллистикалык ракета жана 4 учкучсуз учуучу аппарат (УУА) абадан коргонуу системалары тарабынан жок кылынганы кабарланды.
Сауд Арабиясы жетектеген Араб коалициясынын билдирүүсүндө хуситтер Сауд Арабиясынын чыгыш аймагына баллистикалык ракеталарды учурганы айтылды.
"Террористтик хусит согушкерлери Сауд Арабиясынын чыгыш аймагына карай учурган 3 баллистикалык ракета жок кылынды" деген сөздөр камтылган билдирүүдө ошондой эле өлкөнүн түштүгүндө аныкталган 4 учкучсуз учуучу аппаратка бөгөт коюлуп, жок кылынганы белгиленди.
Сауд Арабиясынын Жарандык коргонуу башкармалыгы, Харж провинциясында жана чыгыш аймакта эрте эскертүүчү системалар иштетилгенин жарыялаган.
Йемендеги Иран колдогон хуситттер бир топ убакыттан бери Эр-Риядга жана Сауд Арабиясынын башка аймактарына баллистикалык ракета жана дрон чабуулдарын жасап келишет.





















