Балыкесир облусунда F-16 учагы кырсыкка учурап, учкуч шейит болду

Түркиянын Коргоо министрлиги 9-негизги реактивдик базанын командирлигинен учуп чыккан F-16 учагы менен радио байланыш жана байкоо маалыматынын үзгүлтүккө учураганын билдирди.

By
Балыкесир облусунда F-16 учагы кырсыкка учурап, учкуч шейит болду / AA

Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги түрк аба күчтөрүнө таандык F-16 согуштук учагы Балыкесирдин түндүк-батышында кулап түшкөнүн жана учкучтун шейит болгонун маалымдады.

Министрликтин билдирүүсүндө, жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:56да 9-негизги реактивдик база командирлигинен учкан F-16 учагы менен радиобайланыш үзүлүп, радардан жоголгондугу билдирилди.

Дароо башталган издөө-куткаруу иштеринин натыйжасында учактын калдыктары табылды.

Министрлик: «Учкучубуз шейит болду. Кырсыктын себеби атайын эксперттик топтун иликтөөсүнөн кийин аныкталат. Шейит болгон учкучубузду Аллах өз ырайымына алсын, үй-бүлөсүнө, түрк куралдуу күчтөрүнө жана элибизге терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», — деп билдирди.

Балыкесирдин губернатору Исмаил Устаоглу да учкучтун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.