Нигерияда кеме оодарылып, ондогон адамдар дайынсыз жоголду

Жергиликтүү бийлик жана ӨКМ кызматкерлери дайынсыз жоголгон адамдарды табуу үчүн куткаруу иштерин жүргүзүүдө.

Нигерияда кайык чөгүп, 40тан ашуун адам дайынсыз болууда. / AP

Нигериянын Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү агенттигинин маалыматына караганда, өлкөнүн түндүк-батыш тарабындагы Сокото штатында 50 кишини ташыган кеме оодарылып, 40тан ашуун адам дайынсыз болууда.

Жекшемби күнү жүргүнчүлөр штаттагы белгилүү азык-түлүк базары болгон Гороньо базарына бара жатканда кеме оодарылып кеткен.

Улуттук өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттигинин жетекчиси Зубайдар Умар X платформасындагы билдирүүсүндө он адам куткарылганын айтты.

Агенттик дайынсыз жоголгон адамдарды табуу үчүн жергиликтүү бийлик жана ыкчам топтор менен биргеликте издөө-куткаруу операциясын жүргүзүп жатканын билдирди.

Үч апта мурун Нигериянын түндүгүндөгү Нигер штатында 100гө жакын жүргүнчүнү ташыган кеме оодарылып, кеминде 13 киши каза болгон жана ондогон адамдар дайынсыз жоголгон.