ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия Газа флотилиясындагы өз жарандарынын камакка алынышына байланыштуу тергөө иштерин баштады
Кыйноо, эркиндикти чектөө, транспорт каражаттарын талкалоо же тартып алуу, талап-тоноо, мүлккө зыян келтирүү кылмыштары боюнча тергөө иштери башталды.
Түркия Газа флотилиясындагы өз жарандарынын камакка алынышына байланыштуу тергөө иштерин баштады
Түркия Газа флотилиясындагы өз жарандарынын камакка алынышына байланыштуу тергөө иштерин баштады / Reuters

Стамбул Башкы прокуратурасы, Израилдин эл аралык сууларда Глобалдык Сумуд флотилиясына кол салуусунда 24 түрк жаранынын камакка алынышына байланыштуу тергөө иштерин баштады.

Стамбул Башкы прокуратурасы бейшемби күнү билдирүү жасап, гуманитардык жардам жеткирүү максатында Газага багыт алган Глобалдык Сумуд флотилиясына Израилдин деңиз күчтөрү эл аралык сууларда кол салгандан кийин 24 түрк жаранынын камакка алынышы боюнча тергөө башталганын жарыялады.

Бул тергөө "эркиндикти чектөө, транспорт каражаттарын талкалоо же тартып алуу, талап-тоноо, мүлккө зыян келтирүү, кыйноо кылмыштары менен БУУнун Деңиз укугу боюнча конвенциясынын жоболоруна, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 15-беренесиндеги юрисдикция эрежелерине жана Түркиянын Кылмыш-жаза кодексинин 12 жана 13-беренелериндеги кызмат эрежелерине ылайык жүргүзүлүүдө.

223 эл аралык активист камакка алынды

Уюштуруучулардын бейшемби күнкү билдирүүсүнө караганда, Газага жардам алып бара жаткан кербендеги жалпысынан 223 эл аралык активист Израиль аскерлери тарабынан камакка алынды.

Глобалдык Сумуд флотилиясы, шаршембиге караган түнү 15 кемеге израилдик күчтөр тарабынан кол салуу жасалганын тастыктады жана дагы сегизи кол салууга дуушар болушу мүмкүн же кол салуу астында турат деп билдирди.

Флотилия кол салууга кабылган кемелердеги 223 активисттин ысымдарын жана улуттарын Instagram аркылуу бөлүштү. Ошол эле учурда расмий флотилия трекери 20 кеменин кол салууга кабылганын, 24 кеменин болсо Газага жолун улантып жатканын көрсөттү.

Израиль 18 жылдан бери 2,4 миллион калкы бар Газаны курчоодо кармап келет жана март айында чек ара өткөрмө пункттарын жаап, азык-түлүк жана дары-дармек жеткирүүнү токтоткон. Бул абал аймакты ачарчылыкка түрттү.

2023-жылдын октябрынан бери Израилдин бомбалоосунан 66 миңден ашуун палестиналык, алардын көбү аялдар жана балдар каза тапты. БУУ жана укук коргоо уюмдары аймак жашоого жараксыз болуп бара жатканын, ачарчылык жана оорулар тез жайылып жатканын бир нече жолу эскертишкен.

Иликте
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"