Израилдин Газага каршы геноциддик согушунун бутасында мунай жана газ да бар
Үрөй учурган кан төгүүнүн астында Израилдин Палестинанын мунай жана газ ресурстарын уурдоодогу тойбостугу жатат.
Тынымсыз бомбалоолорду жана көп сандаган палестиналыктардын өлтүрүлүшүн жаап-жашырган Израиль Палестинанын жаратылыш байлыктарын жашыруун талап-тоноодо.
Газа согушу башталгандан бери Израилдин премьер-министри Нетаньяху газалыктарды түштүккө көчүүгө мажбурлоо менен этникалык тазалоо стратегиясын ишке ашырууда. Үрөй учурган кыргын уланып жатканда палестиналыктар, мунай жана жаратылыш газ корлоруна жетүү укугунан да ажыратылууда. Бул укук Палестина мамлекетинин туруктуулугу үчүн өтө маанилүү.
Израилдин айланасындагы мунай жана газ запастарына үстөмдүк кылуусу энергетикалык борбор жана аймактык байланыш болууну көздөгөн узак мөөнөттүү амбицияны чагылдырат. Ошондуктан, башка колониялык отурукташуу аракеттери сыяктуу эле жерлерин тартып алуу жана массалык өлтүрүү Израилдин жергиликтүү палестиналыктардын ресурстарын аёосуз пайдалануу үчүн курал болуп саналат.
Палестинанын жаратылыш газ булактары маселеси 1999-жылы Британ Газ Группасынын (BG) Газа жээгинен 17- 21 мил алыстыкта жайгашкан чоң газ кенинде чалгындоо иштери баштаганда күн тартибине чыккан. Газа деңиз порту деп аталган бул аянт 1995-жылкы Осло II келишими менен Палестина бийлигине (ПА) берилген 20 милдик көзөмөлдүн чектеринде болгон. Мезгилдин лидери Ясир Арафат Consolidated Contractors Limited (CCC), British Gas Group (BG) жана Палестина Инвестициялык Фонду (PIF) консорциуму менен 25 жылдык чалгындоо лицензиясы келишимине кол койду. Бир жылдан кийин 2000-жылы BG Газа деңизинде жалпы запасы 1,4 триллион куб фут болгон эки кенди ачкан.
2001-жылы Ариэль Шарондун премьер-министр болуп шайланышы Палестинага карата катаал позициядан кабар берип, коогалаңдуу мезгил башталды. Израилдин Жогорку Соту Шаронго Палестинадан мунай сатып алууга бойкот жарыялоо, ошондой эле жаратылыш газын чалгындоо жана өндүрүү боюнча келишимдерге вето коюу укугун берди. Бул абал системалуу түрдө палестиналыктардын өз ресурстарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн тартып алды.
Экинчи Интифаданын башталышы менен Израиль, аймактагы жаратылыш газ запастарын адилеттүү бөлүштүрүүнү четке каккан системалуу кысым саясатын карманган. Бул саясий чөйрө, өзгөчө Шарон өкмөтүнүн радикалдык мамилесинен улам эки тарапка тең пайда алып келе турган келишимге кол коюу үмүттөрүн жокко чыгарды.
Андан соң Израиль жетекчилери ХАМАСтын Газадагы каражатты пайдалануу коркунучун жүйө келтирип, Палестинага ар кандай үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүлүшүнө каршы чыгышты.
Израилдин ошондон бери уланып жаткан стратегиясы Газа деңизиндеги жаратылыш газ запастары менен Батыш Шериа-Израиль чек арасындагы мунай запастарын монополияга алуу жана палестиналыктарды бул булактардан түшкөн кирешелерден өз үлүшүнөн ажыратууга негизделген.
Мындай мамиле Палестина экономикасына олуттуу финансылык жоготууларды алып келди. Бул максаттарга жетүү үчүн Израиль сүйлөшүүлөрдө душмандык позицияны карманып, көпчүлүк учурда Хамасты ишенбөөчүлүктүн себеби катары көрсөтүп келет. Андан тышкары, келишим сунуштары Палестина башкаруусуна көңүл бурбоо максатында иштелип чыккан жана ресурстар менен кирешелерди адилеттүү бөлүштүрүүнүн келечегин натыйжалуу бөгөттөгөн.
Азыр болсо Израиль 2023-жылдын 7-октябрындагы окуяларды өзүнүн стратегиялык максаттарын алдыга жылдыруу мүмкүнчүлүгү катары колдонду. Газага кол салуунун алгачкы этаптарында газалыктардын Синай жарым аралына көчүрүлүшүн камтыган альтернативалуу сценарийлер боюнча талкуулар пайда болду. Нетаньяху газалыктардын чөлгө массалык агымын бекитүү үчүн Египетке кысым көрсөтүү максатында Евробиримдикте активдүү иш алып барууда.
Андан тышкары, согуш башталгандан үч жума өткөндөн кийин Израиль BP жана ENI компанияларын да камтыган алты компанияга Газанын жээгине чектеш деңиз аянты болгон G аймагында жаратылыш газынын запастарын чалгындоо үчүн жаңы чалгындоо лицензияларын берди. Белгилей кетсек, бул аймактын 62 пайызы Палестина кол койгон 1982-жылдагы Деңиз укугу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Конвенциясынын (UNCLOS) алкагында Палестина 2019-жылы жарыялаган деңиз чек араларына кирет.
Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана Өнүгүү Конференциясынын (UNCTAD) 2019-жылдагы отчетунда Израилдин оккупациясынан улам палестиналыктардын өнүгүү жана мамлекет куруу үчүн зарыл болгон каржылык колдоодон кур калуусуна себеп болгон чоң каржылык жоготууга көңүл бурулду. Отчетто "Marine 1 жана Marine 2 запастары 1999-жылы ачылган жана BGG 2000-жылы газ үчүн бургулоо иштерин баштаган. Палестиналыктар бул кендерди акчага айлантып, 18 жылдын ичинде 4,592 миллиард долларлык таза инвестиция сала алмак. Жылдык реалдуу кирешенин төмөн көрсөткүчү 2,5% деп эсептесек, палестиндер эл аралык укук тарабынан кепилденген жаратылыш ресурстарын пайдалануу укугунан ажыратылгандыктан болжол менен 2,570 миллиард доллар жоготушкан.
Израиль палестиналыктарга карай этникалык тазалоону улантуу үчүн өзүнүн оккупациясынын масштабын кеңейтүүнү негизги максат кылды. Америка Кошмо Штаттары сыяктуу негизги өнөктөштөрүнүн жумшак эскертүүлөрүнө карабастан Израиль Рафахты бутага алган кол салуулар үчүн эвакуациялоо эскертүүлөрүн берүүнү улантууда. Израиль эгерде этникалык тазалоо максаттарында ийгиликке жетсе, Газа тилкесин толук көзөмөлгө алуу менен катар баалуу мунай жана газ ресурстарын көзөмөлгө алуу боюнча көптөн берки максатына да жете алат. Бул амбиция Израилдин Индия-Жакынкы Чыгыш-Европа коридору (IMEC) жолунда борбордук чекит жана Украинадагы согуш башталгандан бери орус газынан чыгууну көздөгөн Европа рынокторуна альтернативалуу энергия жеткирүүчү болуу каалоосу менен коштолот.
Бул шылуунчулук Израилдин Рафахтагы аракеттери ачыкка чыкканда жана анын эл аралык энергетикалык компаниялар менен болгон карым-катнаштары өнүккөн сайын айкын боло баштайт. Израилдин Батыш Шериадагы мыйзамсыз отурукташкандарды куралдандыруу жана кубаттоо, ошондой эле Газаны аскердик оккупациялоону тез арада улантуу боюнча эки багыттуу стратегиясын улантып жатканы ачык.
Газага согуш жарыялоо Нетаньяху ойлогондой оңой болгон жок. Израилдин энергетикалык амбициялары, ХАМАСты жок кыла албаганы жана согушту өз шарттары менен бүтүрө албаганы үчүн ишке ашпай калды.
Эл аралык коомчулук Газадагы Израилдин согуштук машинасын токтотууга аракет кылып жатканда, студенттердин нааразылык акциялары Америка менен Европага жайылып коомдук пикирдин кысымы күч алууда жана Нетаньяхунун палестиналыктарга каршы өтө адамкерчиликсиз аскерий саясатына күтүүсүз сокку урулууда.
Эл аралык коомчулуктун, уланып жаткан геноцидди токтотууга гана эмес, ошондой эле палестиналыктарга өздөрүнүн суверендүү укуктарынын негизги аспектиси болгон өз энергетикалык ресурстарынан пайдалануусуна жардам берүүгө жана аларды Израилдин Палестина жерлерин уурдоого тойбогон табитинен коргоого убакыт келди.