САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Зеленский Трамптын өкүлдөрү Кушнер жана Виткофф менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди
Зеленский: "Биз Украина, АКШ жана Орусиянын ортосунда делегация деңгээлиндеги үч тараптуу форматка даярданып жатабыз".
Зеленский Трамптын өкүлдөрү Кушнер жана Виткофф менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди
Зеленский Трамптын өкүлдөрү Кушнер жана Виткофф менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамптын өкүлдөрү Жаред Кушнер жана Стив Виткофф менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жарыялады.

Зеленский социалдык медиа аккаунтундагы билдирүүсүндө, Кушнер жана Виткофф менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Орусия-Украина согушун талкуулагандарын маалымдады.

Сүйлөшүүнүн 1,5 саатка созулганын баса белгилеген Зеленский: "Биз Украина, АКШ жана Орусиянын ортосунда делегация деңгээлиндеги үч тараптуу форматка даярданып жатабыз; бир жумадан аз убакыт калды", - деди.

Зеленский 2022-жылдын февраль айынан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу жана Украинанын коопсуздугун кепилдөө боюнча сүйлөшүүлөр Бельгиянын борбору Брюсселде да уланып жатканына көңүл буруп, мындай деди:

"Бул согушту тезирээк токтотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү мүмкүн болушунча интенсивдүү жүргүзүү керек. Украина зарыл кадамдарды жасоого даяр, сунуштарыбыз так жана биз аларды АКШ тарабына жеткирдик".

Иликте
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Рютте Түркиянын НАТОдогу ролун баса белгиледи
Россиянын Волгоград шаарында дрон чабуулунан 4 адам каза болду
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады