ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Украина: "Олешки шаарынын тургундарына гуманитардык жардам жеткирүү үчүн ок атышууну токтотобуз"
Украина армиясы Россия мыйзамсыз аннексиялаган Херсон облусундагы Олешки шаарынын тургундарына гуманитардык жардам жеткирүү үчүн 27-октябрдан тарта белгиленген аймакта ок атышууну токтоторун жарыялаганы кабарланды.
Украина: "Олешки шаарынын тургундарына гуманитардык жардам жеткирүү үчүн ок атышууну токтотобуз"
Дрондон тартылган кадрлар Орусиянын оккупациясындагы Олешки шаарындагы кыйроолорду көрсөтөт

Украинанын Башкы штабы Херсон облусундагы Олешки шаарында өткөрүлө турган гуманитардык операцияга байланыштуу Россиянын 27-октябрдан тарта Херсон багытында убактылуу ок атышууну токтотуу чечими тууралуу жазуу жүзүндө билдирүү таратты.

Билдирүүдө Украина 27-октябрда Киев убактысы боюнча саат 03:00дөн тарта белгиленген аймакта ок атышууну токтотору айтылып: «Украинанын коргонуу күчтөрү Олешки шаарынын тургундарына жардам берүү үчүн колунан келгендин баарын жасап жатышат жана жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылуу, аларды куткаруу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», — деп билдирилди.

Арамиядан берилген башка бир билдирүүсүндө Украина армиясы буга чейин Олешки шаарындагы жана айланасындагы калктуу конуштардагы жарандарга дрондор менен жардам көрсөткөнү белгиленип: «Олешки шаарынын тургундарынын гуманитардык жардам алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт деген үмүттөбүз», — деп айтылды.

Ак үйдүн расмий сайтындагы билдирүүдө АКШнын президенти Дональд Трамптын жубайы Мелания Трамп Украинанын Херсон облусундагы эки тараптын ортосундагы кагылышуулардын курчоосунда калган Олешки шаары үчүн «атайын ок атышууну токтотууга» жетишкени маалымдалган.

Россиянын Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов да Олешки шаарында гуманитардык операция өткөрүүгө байланыштуу 27-октябрдан тарта Херсон багытында убактылуу ок атышууну токтотуу киргизилерин билдирген.

Иликте
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Карни менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда
Израиль армиясы Батыш Шерианын түштүгүндө эки палестиналыкты өлтүрдү
Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн 16 адам каза болду
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды
Президент Эрдоган ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды
Зеленский Байдендин эвакуация сунушун "Мага ок-дары керек" деген жообу менен четке какканын айтты
Стамбул аэропортуна 'Эң көп байланыштырган аэропорт' сыйлыгы