ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Испанияда сенат Франция менен достук келишимин четке какты
Оңчул оппозиция көпчүлүктү түзгөн Испания сенаты Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Мадрид сапары учурунда Испания менен Франциянын достук келишимин ратификациялоодон баш тартты.
Испанияда сенат Франция менен достук келишимин четке какты
Испанияда Сенат Франциянын президенти Макрондун сапары учурунда өткөргөн добуш берүүдө Франция менен достук келишимин четке какты

Добуш берүү сенаттан бир нече жүз метр алыстыктагы Королдук сарайда Макрон, Король Фелипе VI жана ханыша Летиция катышкан расмий кечки тамак башталган учурда өттү.

Оңчул Элдик партиядан жана ашынган оңчул Вокс партиясынан 142 сенатор текстке каршы добуш беришти. Премьер-министр Педро Санчестин Социалисттик партиясынан 106 сенатор колдогон добуш беришти.

Сенатта абсолюттук көпчүлүккө ээ болгон Элдик партия келишимдин бир пунктуна каршы чыкгууда.

Бул берене, эки өлкөнүн биринин өкмөт мүчөсүнүн үч айда бир жолудан кем эмес башка өлкөнүн министрлер кабинетине чакырылышын караштырат.

Испаниянын соту 23-сентябрда Франция-Испания достук келишиминин конституцияга ылайыктуулугуна чечим чыгарган.

Франция менен Испаниянын ортосундагы достук келишимине биринчи жолу 2023-жылдын январында Барселонада Макрон менен Санчес кол коюшкан.

Кийинчерээк Мадриддеги Өкүлдөр Конгресси жана Париждеги Франциянын Улуттук Парламенти менен сенаты тарабынан ратификацияланган.

 Франция Испаниядан тышкары Германия, Италия жана Польша менен да ушул сыяктуу достук келишимдерине кол койгон.

  Испания буга окшогон келишимдерди башка коңшулары Португалия жана Марокко менен гана түзгөн.

Иликте
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Карни менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда
Израиль армиясы Батыш Шерианын түштүгүндө эки палестиналыкты өлтүрдү
Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн 16 адам каза болду
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды
Президент Эрдоган ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды
Зеленский Байдендин эвакуация сунушун "Мага ок-дары керек" деген жообу менен четке какканын айтты
Стамбул аэропортуна 'Эң көп байланыштырган аэропорт' сыйлыгы