ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Орус кол салууларында Киевге жакын жерде үч киши каза болду
Киевдин түндүк-чыгышындагы айылдарга жасалган кол салууларда үйлөр жана унаалар талкаланып, үч киши каза болду.
Орус кол салууларында  Киевге жакын жерде үч киши каза болду
Орусиянын соккулары Киевге жакын жердеги үйлөргө жана унааларга зыян келтирди. [Архивдик сүрөт] / Reuters

Орус кол салууларында Украинанын борбор шаарынын түндүк -  чыгышындагы бир райондо үч кишинин алардын ичинен бир баланын каза болгону билдирилди. Аймактык бир аскердик жетекчи ишемби күнү жасаган билдирүүсүндө Киевге жакындап келе жаткан баллистикалык ракеталар тууралуу эскертти.

Москва акыркы айларда Украинанын борбор шаарына карата чабуулдарын бир кыйла күчөттү; көбүнчө кыска мөөнөттүү чабуулдарда токтотуу кыйын болгон баллистикалык ракеталардан бири биринин артынан ок атылууда.

Аймактык аскердик башкаруунун башчысы Тимур Ткаченко Telegram каналынан Киевдин түндүк – чыгышындагы Бровары районуна карата кол салууда араларында бир бала да болгон үч киши каза болуп, үч киши да жаракат алганын билдирди.

Украинанын мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар кызматы өрттөнүп жаткан, талкаланган имараттардын сүрөттөрүн бөлүшүп, Пухивка айылындагы кол салууда эки кабаттуу үйдү жана эки унааны талкалап, кампада өрт чыкканын билдирди.

Борбор шаарда болгон AFPнин кабарчысы Украинанын аба күчтөрү «түндүктөн баллистикалык курал колдонуу коркунучу» бар экенин эскерткен маалда ондон ашык жардыруунун үнүн уккан.

Киев аскердик башкаруусу Telegram аркылуу шаардагы түнкү кол салууларда  төрт кишинин жаракат алганын билдирди.

Буга чейин "Киевде баллистикалык ракеталардын колдонулушуна байланыштуу абадан сокку уруу коркунучу жарыяланганы" айтылып, тургундарга баш калкалоочу жайларга барышы айтылган.

 

Иликте
Нидерландия АКШ менен Канададагы 86 тонна алтынын Британияга которду
Байрактар АКЫНЖЫ улуттук багыттоочу комплекттерди колдонуп, буталарга таамай сокку урду
Иран армиясы: "Кувейттеги жана БАЭдеги АКШнын базаларын ракеталар жана дрондор менен бутага алдык"
Израилдин ок атуусунан эки палестиналык, анын ичинде бир бала каза болду
Грецияда Батыш Нил вирусун жуктуруп алгандардын саны 290го жетти
Даниянын чалгын кызматтары орус саботаж ыктымалдуулугуна каршы эскертти
Орусия Москвага багыт алган 37 дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялады
АКШнын армиясы Тынч океандын чыгышында бир кемени чөктүрдү
Трамп Иран менен согушту токтотууну карап жатат
Израилдиктер Батыш Шерияда айылга кол салды: 2 палестиналык  каза болду
АКШнын Миннеаполис шаарындагы куралдуу кол салуудан эки адам каза болду
Орусия: "Украинанын аскердик логистикалык борборлоруна жана кемелерине сокку урдук"
Трамп Иранга карата чабуулдардын Израиль менен Жакынкы Чыгышка жардам берүү үчүн жасалганын жактады
Испания Израиль менен Россиянын мигранттардын агымын күчөткөнүн билдирди
Иран менен байланышы бар хакерлер АКШдагы маанилүү инфраструктураларга кол салууга аракет кылышкан