ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШнын чалгындоо кызматы израилдик юристтерди Газадагы согуш кылмыштары жөнүндө эскертти
Америка Кошмо Штаттарынын мурдагы беш жетекчиси израилдик аскердик юристтердин Газадагы геноциддик согушта кылмыштар жасалганы тууралуу далилдери бар экенин, мунун Вашингтондогу ички талкууларды тереңдеткенин билдирди.
АКШнын чалгындоо кызматы израилдик юристтерди Газадагы согуш кылмыштары жөнүндө эскертти
АКШнын чалгындоо кызматы Израилдин аскердик юристтери Газадагы согуш кылмыштары тууралуу эскерткенин билдирди / AP

Америка Кошмо Штаттары израилдик аскердик юристтердин Газадагы геноцидге байланыштуу Израилге каршы согуш кылмыштары боюнча айыптоолорду колдой ала турган далилдердин бар экенине байланыштуу эскертүү бергенин көрсөткөн чалгындоо маалыматтарын чогултту. Бул маалымат Рейтер агенттигине маек курган АКШнын мурдагы беш жетекчиси тарабынан бөлүшүлдү жана аталган чабуулдар  Американын курал-жарактар менен жасалган.

Өткөн жылы ортого чыккан жана буга чейин билдирилбеген бул чагныдоо маалыматы жогорку деңгээлдеги саясатчылар менен бөлүшүлгөн эң тынчсыздандыруучу маалыматтардын бири. Жетекчилер  бул жагдайдын Израилдин колдонгон тактикасынын мыйзамдуулугуна байланыштуу ички шектенүүлөрдү ачыкка чыгарганын белгилешти.

Эки жетекчи бул маалыматтын АКШ өкмөтүнүн ичинде кеңири бөлүшүлгөнүн жана Байден администрациясынын акыркы жумаларында, 2024-жылдын декабрындагы конгресстин брифингинин алдында бөлүшүлгөнүн айтышты.

Бул билдирүүлөр Газадагы жарандардын өлүмүнүн көбөйүшү менен бирге Вашингтондо тынчсызданууларды жаратты. Айрым жетекчилер  АКШнын Израилге берилген колдоосунун согуштук кылмыштары далилдене турган болсо Вашингтонду  кылмышка шериктеш кылуудан кооптонушууда.

 Бул чалгындоо маалыматы Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынына алып келди. Жетекчилер бул жыйында АКШ кандай жооп кайтарышы керектигин талкуулашты.

Израилдин согуш кылмыштарын жасаганы тууралуу далилдер АКШнын мыйзамдарына ылайык Вашингтондун курал-жарак жеткирүүсүн жана чалгындоо маалыматтарын бөлүшүүсүн токтотууну талап кылууда.

 Коркунучтун белгиси

Америкалык жетекчилер юридикалык кооптонууларга карабастан, Израилдин атайылап жарандарды бутага алганы тууралуу түздөн-түз далилдердин жок белгилеп, колдоону улантуу чечимин кабыл алышты.

Айрым жогорку мартабалуу жетекчилер  жардамды токтотуу ХАМАСты кайраттандырып, ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн деген кооптонууларын билдиришти.

Мамлекеттик департаменттин юристтери бир нече ай мурун Мамлекеттик катчы Энтони Блинкенге Израилдин чабуулдары эл аралык гуманитардык укукту бузгандыгы жөнүндө эскертишкен.

2024-жылдын май айында Вашингтондон келген отчетто Израиль АКШда жасалган курал-жарактарды колдонуу менен эл аралык укукту "бузган болушу мүмкүн" деп айтылган, бирок эч кандай расмий жыйынтыктарды сунуштаган эмес.

Израиль Газада согуш кылмыштарын жасаган деген айыптоолорду жана Эл аралык кылмыш сотунун бул боюнча юрисдикциясын четке какты.

 Сот Нетаньяхуну жана башка лидерлерди камакка алуу боюнча ордер чыгарган.

 

 

Иликте
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады
Түркия менен Өзбекстан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
ASELSAN бардык энергетикалык муктаждыктарын күн энергиясынан канааттандырат
Эл аралык катышуучулар COP31де Ататүрктү бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти