ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Судан армиясы жана союздаштары Түндүк Кордофандагы Ыкчам колдоо күчтөрүнө каршы жеңишке жетишти
Судан калканы күчтөрү Ыкчам колдоо күчтөрүнүн Дарфурдагы алдыга жылышынан кийин Кордофандагы катуу кагылышуударда Ыкчам колдоо күчтөрүн оор жоготууга учураткандарын айтты.
Судан армиясы жана  союздаштары Түндүк Кордофандагы Ыкчам колдоо күчтөрүнө каршы жеңишке жетишти
Судандын армиясы менен жарым аскерлештирилген күчтөрдүн ортосундагы кандуу бийлик талаш өлкөнү дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кырсыктардын бирине батырды. / Anadolu Agency

Судан калкан күчтөрү Судан армиясы жана алар мнен бирдикте согушкан куралдуу күчтөрдүн Түндүк Кордофан штатында Ыкчам колдоо күчтөрүн оор жоготууга учураткандыгын билдирди.

Армиянын өнөктөшү болгон Судан калканы күчтөрү шейшемби күнү Түндүк Кордофандын Ум Саяла аймагында "козголоңчуларды жок кылуу жана алардын Түндүк Кордофан фронтундагы мүмкүнчүлүктөрүн толугу менен жок кылуу" планынын бир бөлүгү болгон "ийгиликтүү аскердик согуштук миссияны" аткарганын билдирди.

Топ дрондор жана оор артиллериянын колдоосу менен ири масштабдуу куралдуу топтордун мобилизациясына карабастан, Ыкчам колдоо күчтөрүн персонал жана техника жагынан чоң жоготууга учураткандыгын айтты.

Бирок өзүнүн аскерлеринин арасында жоготуулар болгонун да моюнга алып, командири Абу Акла Кикилдин жеңил жаракат алганын билдирди.

Топ 2022-жылдын башында Аль-Жазира провинциясынын чыгышында түзлгөн жана курамында 35 000ден ашыкаскердин бар экендиги болжолдонууда.

Кикил 2023-жылдын август айында Ыкчам колдоо күчтөрүнө кошулган, бирок кийин армияга өткөн.

Дүйшөмбү күнү Судан армиясы Ыкчам колдоо күчтөрү менен кагылышуулардын натыйжасында провинциянын борбору Эл Обаидинен 200 чакырым түндүктөгү Ум Саяланы кайрадан көзөмөлгө алганын билдирди.

Бирок, козголоңчу топ Ум Саяладагы армия күчтөрүн жеңгенин жарыялады.

Кордофанда Ыкчам колдоо күчтөрүнүн алга жылышы

Өткөн айда Түндүк Дарфурдун борбору Фаширди басып алгандан кийин, куралдуу топ менен Судан армиясынын ортосундагы салгылашуулар жаңы фронтторго, айрыкча Судандын борбордук жана түштүк тарабындагы Кордофан аймагына жайылды.

Бул топ Судандын 18 штатынын бешөөсүн түзгөн Дарфурдун баарын көзөмөлдөйт, ал эми калган 13 штаттын көпчүлүгүн, анын ичинде борбор шаар Хартумду армия ээлейт.

Дарфур Судан аймагынын бештен бир бөлүгүн түзөт, бирок өлкөнүн болжол менен 50 миллион калкынын басымдуу көпчүлүгү армия көзөмөлдөгөн аймактарда жашайт.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын апрель айында башталган армия менен Ыкчам колдоо күчүнүн ортосундагы кагылышуу Суданда кеминде 40 000 адамдын өлүмүнө жана 12 миллион адамдын жер которушуна алып келген.

Иликте
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Газада Израиль тарабынан талкаланган конуштан дагы 12 сөөк табылды
Кофенин жыты маанайды жана мээ толкундарын өзгөртө алары аныкталды
Трамп Польшада АКШнын базасын түзүү боюнча маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин жарыялады
Словакиянын премьер-министри Фицо "Европа боюнча аскердик кагылышуу" тууралуу эскертти
Йемен армиясы: "Таиздин батышындагы кагылышууларда 30 хусит өлтүрүлдү"
Иран Ормуз кысыгынан өтүүгө аракет кылган Того желеги бар мунай танкерине сокку урганын жарыялады