Иранда кагылышуулардын күч алышы тууралуу ушул кезге чейинки акыркы абалдар
Иран АКШ - Израиль кагылышуулары уланып жатканда каза болгондордун санын карап чыкты; Кувейтте АКШ реактивдери кулады, Хаманеинин өлтүрүлүшүнөн кийин Хизбулла согушка кошулду, мунайды иштетүүчү заводго кол салуу мунай рыногун дүрбөлөңгө салды.
Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу Ирандын АКШ менен Израиль күчтөрүнүн абадан кол салууларына дуушар болушу менен күчөдү.
Жарандык жоготуулар көбөйүп баратат, аймактык согушкерлер кагылышууга кошулууда жана глобалдык рыноктор менен дипломатиялык чөйрөдө сокку толкундары сезилүүдө. Гуманитардык жана стратегиялык тобокелдиктер буга чейин мынчалык жогору болгон эмес.
Ушул күнгө чейинки акыркы абалдардын кыскача мазмуну.
Иран жетекчилери дүйшөмбү күнү каза болгондордун санын карап чыкты; Иран Кызылайы согуш башталгандан бери жалпы Ирандагы кол салууларда 555тен ашуун кишинин каза болгонун, жүздөгөн кишинин да жаракат алганын билдирди.
Бул сандар жарандарды жана согушуп жаткан аскерлерди камтыйт. Өлкө боюнча 130дан ашык шаар кол салууга учурады. Расмий маалыматтар боюнча, Израилде 11 адам каза болду.
Ирандын БУУдагы өкүлү берген маалыматка караганда бул кол салуулардын эң кандуусу АКШ менен Израилдин Ирандын түштүгүндөгү Минабдагы кыздар мектебине жасаган аба соккусу болуп, анда 100дөн ашык бала жана жайкын тургун каза болду.
Ирандык жетекчилер жана эл аралык маалымат каражаттары мектепке жасалган чабуулду өзгөчө таш боордук деп мүнөздөшүп, айыпташты.
Ошол эле учурда, Кувейтте АКШнын бир нече согуштук учагынын кулаганы кабарланды; Ирандын үч күн катары менен Булуң аймагындагы чабуулдарын улантуусу менен аба мейкиндигинин коргоосуздугу айкын боло баштады.
TRT World каналынын Тегерандагы кабарчысынын маалыматы боюнча, Ирандын мамлекеттик телеканалы АКШнын F-15 учагы Кувейтте Ирандын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөнүн билдирүүдө. Экипаждын бардык мүчөлөрү аман калып, медициналык кароодон өтүү үчүн эвакуацияланганы кабарланууда.
Хизбулла кагылышууга кошулду
Ирандын көптөн бер өнөктөшү болгон Хизбулла дагы кагылышууга кошулуп, Ирандын диний лидери Али Хаменеинин өлтүрүлүшүнө жооп кайтаруу максатында Израилдин түндүгүнө ракеталарды жана учкучсуз учуучу аппараттарды учурду.
Хаменеинин өлтүрүлүшү кагылышууда бурулуш жер болду; ондогон жылдар бою Ирандын саясий, аскердик жана аймактык саясатына багыт берип келген борбордук фигуранын жок кылынышы Тегеранда лидерлик боштугун гана жаратпастан, ошол эле учурда Жакынкы Чыгыш боюнча кеңири масштабдагы чыңалуунун тутанышына себеп болду.
Хизбулланын майданга кириши, 2025-жылдын июнь айындагы Иран-Израиль кагылышуусунда мынчалык деңгээлде активдүү роль ойнобогондугун эске алганда, чыңалуунун олуттуу түрдө күчөгөнүнөн кабар берет. Топ Хаменеи менен кошо бир нече жогорку даражалуу ирандык ишмерлердин өлтүрүлүшүнөн кийин аракетке өттү жана бул окуя аймактагы куралдуу топтордун кеңири катышуусуна түрткү болгондой.
Израиль Бейруттун түштүк чет жакаларын кошкондо, "Хизбулланын" позицияларына кеңири масштабдуу аба соккулары менен жооп кайтарды; бул чабуулдар ондогон адамдардын өлүмүнө жана эвакуацияларга алып келди.
Иран аймактык мунай инфраструктурасына чабуулдарын кеңейтүүдө
Кагылышуулардан улам дүйнөлүк рыноктор ансыз да солкулдап, мунайдын баасы көтөрүлүп жаткан маалда, дүйшөмбү күнү Иран дрондору Сауд Арабиянын Рас-Танура мунай иштетүүчү заводуна чабуул жасады; коргонуу системалары учуучу аппараттарды атып түшүрдү.
Чыгыш Сауд Арабиядагы Даммам шаарына жакын жайгашкан Рас-Танура — күнүнө жарым миллион баррелден ашык чийки мунай иштетүү кубаттуулугу менен дүйнөдөгү эң ири мунай иштетүүчү заводдордун бири. Чабуулдан кийин Сауд Арабиянын мамлекеттик телекөрсөтүүсү объектте алдын алуу чарасы катары убактылуу жабуу иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.
Мунайдын баасы да кескин түрдө жогорулады. Брент (Brent) маркасындагы чийки мунайдын биржадан тышкары соодадагы баасы болжол менен 10%га өсүп, баррели 80 долларды түздү. Эл аралык биржалар кагылышуунун узакка созулушу жана жеткирүүдөгү үзгүлтүк коркунучунан улам терс реакция көрсөттү. Аналитиктер эгер үзгүлтүктөр улана берсе, баалар мындан да жогорулашы мүмкүн экенин эскертишүүдө.
Дүйнөлүк реакция
Франция жана башка Европа лидерлери АКШ менен Израилдин Иранга чабуул жасоодон мурун Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине кайрылбагандыгын ачык түрдө айтышып, дипломатияга жана токтоолукка чакырышты. Кытай менен Россия терең тынчсыздануусун билдирип, зордук-зомбулукту дароо токтотууну жана Ирандын эгемендүүлүгүнө сый көрсөтүүнү талап кылышты.