ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Таиланд америкалык окумуштууну королго акаарат кылды деген негиз менен камакка алды
Таиландда он жылдан ашык убакыттан бери саясат тууралуу сабак берген америкалык академик Пол Чемберс королдук үй-бүлөнү кемсинтти деген айыптоо менен камакка алынды.
Таиланд америкалык  окумуштууну королго акаарат кылды деген негиз менен камакка алды
/ Reuters

Адвокаты Ваннафат Женрумжит Пол Чемберстин айыптоолорду четке каккандыгын белгилеп : “Кенен түрдө изилдеп чыгуубуз керек бирок ал бул кылмышты кылбагандыгын айтты жана мыйзамдын аны коргой тургандыгына ишенем”,- деди.

Таиланддын королу Маха Важиралонгкорн жана үй-бүлөсү "лес-мажесте" мыйзамы тууралуу сындарга карата коргоого алынган. Бул мыйзамга карата терс болгон ар бир кылмыштын 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Таиланд армиясы бул жылдын башында Чемберске каршы талкууга байланыштуу экендиги ортого салынган бир жазуудан улам арыз берди. Түндүктөгү Наресуан университетинде сабак берген Чемберс өткөн жумада айыптоо тууралуу маалымат алды жана шейшемби күнү түндүктөгү Пхитсанулок штатындагы бир полиция пунктуна чакырылды.

АКШ : “Тынчсыздануудабыз”

АКШнын Мамлекеттик департаменти берген билдирүүсүндө Чемберстин камалышынан "тынчсыздангандарын" белгилеп: "АКШнын чет өлкөдөгү жарандарына жардам берүү үчүн жоопкерчилигибизди олуттуу түрдө колго алабыз",- деди.

Билдирүүдө : “Бул окуя Таиланддагы "лес-мажесте" мыйзамдарынын колдонулушуна байланыштуу көптөн бери айтылып келе жаткан тынчсызданууларыбызды бекемдеп жатат. Таиланддык жетекчилерге карата сөз эркиндигине сый көрсөтүү чакыруубузду кайталайбыз" - деп айтылды.

Чемберс өткөн жумада журналисттерге берген билдирүүсүндө болгон бул окуянын өзүн “коркуткандыгын” бирок АКШ элчилиги жана университеттеги кесиптештери тарабынан колдоо алынып жаткандыгын айткан.

Мыйзам сындарга кабылды

Таиландда королдук акаарат мыйзамынын негизиндеги айыптоолордо акыркы жылдары олуттуу көбкөйүү болуп, адам укуктарын коргоочулары бул мыйзамдын оппозициячылдарды токтотуу үчүн колдонулгандыгын жакташууда.

Таиланддагы Адам укуктары боюнча юристтер биримдиги (TLHR) чет эл жаранынын бул мыйзам менен айыпталышынын “сейрек” кездешкендигин белгилеп, эл аралык байкоочулар да өзгөчө окумуштуулар, активисттер жана студенттерге карата кысымдын күчөшүнөн тынчсызданууда.

Өткөн жылы Таиланддын түндүгүндө бир адам бул мыйзамдан улам кеминде 50 жылга эркинен ажыратылган. 2021 - жылы бир аял 43 жыл абак жазасына тартылган. 2023 - жылы да бир адам резина өрдөк түшүрүлгөн сатиралык календарь сатуу менен королго акаарат кылды деген негиз менен эки жылга кесилген.

Иликте
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"
Анкара НАТО саммитине  негизги эл аралык медиа борборун даярдады
Сабиха Гөкчен аэропорту жүргүнчүлөр боюнча рекордго жетти
Азербайжан Украинадагы SOCAR объектисине жасалган кол салууга байланыштуу Россияга нота берди