СПОРТ
1 мүнөт окуу
ПСЖ УЕФА Чемпиондор лигасында Интерди 5:0 эсебинде утуп алды
Пари Сен-Жермендин тарыхый жеңиши Францияда сыймыктануу жана майрамдык маанайды жаратты.
ПСЖ УЕФА Чемпиондор лигасында Интерди 5:0 эсебинде утуп алды
Paris St Germain's Senny Mayulu celebrates scoring their fifth goal with Ousmane Dembele / Reuters
1 Июнь 2025

Чемпиондор лигасын биринчи жолу жеңген Пари Сен-Жермен (ПСЖ) Милан Интерди 5:0 тарыхий эсебинде утуп алды.

Жаш футболчу Дезир Дуу ишемби күнү Allianz Arena стадионунда ПСЖ үчүн эки жолу гол киргизип, Ашраф Хакими биринчи голдун пасын чыгарып берди. Андан кийин Хвича Кварацхелия эки гол менен эсепти 4:0 кылып, 19 жаштагы Сенни Майулу акыркы гол менен эсепти толуктады.

ПСЖ буга чейин эки жолу финалга чыккан, ал эми Интер үч жолу УЕФА Кубогуна ээ болуп, акыркысын 2010-жылы жеңген.

2020-жылы Бавария менен финалдык беттеште утулуп калган ПСЖ бул сезондо тайпалык баскычтан чыгуунун босогосунан кайтып келип акыры көптөн бери эңсеп келген кубокту жеңип алды.

Жеңиштен кийин Франциянын президенти Эммануэль Макрон ПСЖны куттуктап: «Бүгүн кечинде Париж Европанын борбору экенин сездирди»,-деди. Ал эми социалдык тармактагы X платформасында болсо «ПСЖнын жеңиш күнү. Азаматтар, биз баарыбыз сыймыктанабыз», - деп жазды.

Президенттик аппарат да жеңишти майрамдоо үчүн жекшемби күнү команданы кабыл ала турганын билдирди.

Иликте
Түрк тышкы иштер министри Жакынкы Чыгыштагы согушту кесиптештери менен талкуулады
Вэнс: Пакистандагы Иран тууралуу сүйлөшүүлөрдө "чоң ийгиликтерге" жетишилди
Украина менен Россия Пасхадан кийин дрон чабуулдарын кайра баштады
Хакан Фидан: "Израилдин Түркияны жаңы душман катары жарыялоо аракетин көрүп жатабыз"
Европа Биримдиги Иран согушунан улам энергетикалык бааларды координациялоого чакырууда
Түштүк Корея менен Польша коргонуу жаатындагы байланыштарын тереңдетүүдө
Иран менен АКШ сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураганга чейин келишимге жетишүү алдында турган
Орусия менен Украинанын ортосунда Пасхага карата ок атышпоо аяктады
Израилдеги оппозиция Нетаньяхуну Иран согушундагы ийгиликсиздик үчүн сындап жатат
Түрк прокурору Нетаньяхуну жана дагы 34 адамды өмүр бою эркинен ажыратууну суранды
Ирандын мамлекеттик медиасы: АКШнын «акылга сыйбаган» талаптарынан улам сүйлөшүүлөр ишке ашкан жок
Вэнс: «Пакистандагы 21 сааттык узун сүйлөшүүлөр АКШ менен Иранды элдештире алган жок»
Эрдоган менен Макрон Иран, Ливан жана Газадагы ок атышууну токтотуу маселелерин талкуулашты
АКШнын чалгын кызматтары: Кытай Иранга абадан коргонуу системаларын жеткирүүнү пландап жатат
АКШнын вице-президенти Вэнс АКШ-Ирандын маанилүү сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн Пакистанга барды