ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Трамп Зеленский менен сүйлөшүүлөрдүн туюкка кептелишинен улам Путинге карата "көңүлү калганын" айтты
АКШ президенти Кремлдин украин лидери менен жолугушууга каршылык көрсөтүшүнөн кийин мүмкүн болуучу кесепеттерди эскертти.
Трамп Зеленский менен сүйлөшүүлөрдүн туюкка кептелишинен улам Путинге карата "көңүлү калганын" айтты
/ Reuters

АКШнын президенти Дональд Трамп Россиянын президенти Владимир Путиндин Украинанын президенти Владимир Зеленский менен өткөрүлүшү пландалган жолугушуу тууралуу уланып жаткан туңгуюктан улам «нааразы экендигин» айтты.

Трамп шейшемби күнү Скотт Женнингс Radio Showго берген маегинде : «Мен ага нааразымын. Ал экөөбүз ар дайым мыкты карым  - катнашта болдук. Абдан капа болдум»,- деди.

Бул билдирүүлөр Трамптын август айында эки лидер менен өткөргөн жолугушууларынан кийин келди. Трамп 15 -  августта Аляскада Путин менен үч күндөн кийин Ак үйдө Зеленский жана европалык лидерлер менен жолугушкан.

Трамп ошол учурда Путин менен Зеленскийдин жолугушуусу болоорун, андан кийин өзүнүн катышуусунда үч тараптуу жыйын өтөөрүн билдирген.

Кремль бул ыктымалдыкты четке кагып, тышкы иштер министри Сергей Лавров шаршемби күнкү билдирүүсүндө, сүйлөшүүлөр "жаңы аймактык чындыктарды" таануу жана юридикалык жактан расмийлештирүү шартында гана улантылышы мүмкүн экендигин кайталады.

Лавров өзгөчө кандайдыр бир келишимдин эки тарап үчүн коопсуздук кепилдиктерин камтуусу жана Украинанын  «тарапсыз, блокторго кошулбаган жана өзөктүк куралсыз статусуна” кепилдик бериши керектигин айтты.

Трамп болсо жолугушуу болбой турган болсо, Россиянын санкцияларга дуушар болушу мүмкүн экенин айтты. "Ооба, (санкциялар) болот", - деген Трамп Ак үйдө журналисттерге: "Эмне болорун, алар эмне кыларын жана кандай абалдардын ортого чыгары көрөбүз. Мен муну тыкыр көзөмөлдөп турам", - деди.

Трамп буга чейин эгер жылыш болбосо, Москванын "оор санкцияларга же оор тарифтерге, же экөөнө тең" кабылышы мүмкүн экенин эскерткен.

АКШнын казына министри Скотт Бессент да дүйшөмбү күнү “бардык варианттар үстөлдө” деп, Путинди Аляскадагы саммиттен кийин чабуулдарды күчөтүү менен айыптады.

«Путин бомбалооло операцияларын күчөттү»,- деген Бессент Fox News телеканалына : "Трамптын администрациясы менен бардык варианттар үстөлдө жана биз аларды ушул аптада кылдаттык менен карап чыгабыз",- деп кошумчалады.

Зеленский Москваны сүйлөшүүлөргө тоскоолдук кылуу менен айыптады, ал эми Россия күн тартибинин даяр эмес экендигин жактап жатат. Лавров орус жана украин делегация башчыларынын түз байланышта экенндигин белгилеп: «Сүйлөшүүлөрдүн уланышын күтөбүз»,-деди.

Иликте
Президент Эрдоган Болгариянын премьер-министри Радев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Түркия менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу мамилелер менен аймактык окуяларды талкуулашты
Пакистан менен Мальдивдер соода, коргонуу жана деңиз коопсуздугу жаатындагы кызматташтыкты бекемдейт
Путин менен Витков, Санкт-Петербургда Украинадагы согуш тууралуу сүйлөштү
Украина: "Орус армиясынын чабуулдарынан 5 адам каза болуп, 56 адам жаракат алды"
Эрдоган: "Сириянын чалгындоо кызматынын жана Түрк чалгындоо уюмунун баатырларын куттуктайм"
Түркия менен бирге төрт өлкө Бедир өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
Пакистанда жүргүнчү ташыган автобус оодарылып, 10 адам каза болду
Иран: Инфраструктурабызды бутага алышса Ормуз кысыгынын астындагы интернет кабелдерин жок кылабыз
Россиядан АКШга дизелдик күйүүчү май ташыган биринчи танкердин эртең жолго чыгышы пландалууда
Хуситтер: "Аденде Сауд Арабиясынын операциялык штабы жайгашкан аскердик лагерге сокку урдук"
Министр Гүлер катарлык кесиптеши менен жолугушту
Түндүк Корея менен Орусия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнү көздөп жатышат
Судан менен Түштүк Судандын ортосундагы талаштуу аймакка дрондук чабуулдан 153 адам каза тапты
Францияда Mirage 2000D согуштук учагы кырсыкка учурады