ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Пакистан Индиянын Ченаб дарыясынын агымын башка нукка бурганын билдирди
Дарыя Индияда башталса да, Инд суу келишими боюнча Пакистандын көзөмөлүндөгү үч дарыянын бири болуп саналат.
00:00
Пакистан Индиянын Ченаб дарыясынын агымын башка нукка бурганын билдирди
A view of Baglihar Dam, also known as Baglihar Hydroelectric Power Project, on the Chenab river which flows from Indian-administrated Kashmir into Pakistan, at Chanderkote / Reuters
6 Май 2025

Пакистан шейшемби күнү Индияны убактылуу токтотулган Инд суу келишими боюнча Пакистандын көзөмөлүндө турган үч дарыянын бири Ченаб дарыясынын агымын башка нукка буруп жатат деп айыптады.

Бул маанилүү дарыя Индиядан башталат, бирок 1960-жылы эки өзөктүк держава ортосунда кол коюлган Инд суу келишиминин негизинде Пакистанга бөлүнгөн. Индия ал келишимди 22-апрелде Индия башкарган Кашмирде 26 адамдын өмүрүн алган кол салуудан кийин токтоткон.

Исламабад өз дарыяларына ар кандай кийлигишүүнү “согуш аракети” катары карай турганын билдирди. "Биз Ченаб дарыясында табигый эмес өзгөрүүлөрдү байкадык", – деди Пенжаб провинциясынын ирригация министри Казим Пирзада AFP агенттигине.

Индия менен чектешкен, Пакистан калкынын жарымына жакыны жашаган Пенжаб өлкөнүн айыл чарба борбору болуп саналат. Пирзада "Эң чоң таасир альтернативалуу суу жолдору азыраак жерлерде сезилет" деп эскертти. “Бир күнү дарыядагы суунун агымы нормалдуу болсо, экинчи күнү бир топ азайып кетти”, – деп кошумчалады.

Кашмирде 26-апрелде Индиядан чоң көлөмдөгү суу агызылганын Жинна институту маалымдады. Бул институт Пакистандын климаттык өзгөрүү боюнча мурдагы министри жетектеген изилдөө борбору болуп саналат. Пирзада "Бул биздин сууну пайдалануубузга мүмкүндүк бербөө үчүн жасалууда", – деп кошумчалады.

Кашмирде, Пакистан Пенжабынын жогорусунда жайгашкан Баглихар дамбасындагы шлюздардын капкактары суу агымын чектөө үчүн түшүрүлгөнү айтылууда. Мунун "кыска мөөнөттүү жазалоо чарасы" катары жасалганын Индиянын жогорку даражалуу кызматкери The Indian Express басылмасына билдирди.

Инд суу келишими Индияга жалпы дарыяларды дамбалар же сугаруу үчүн пайдаланууга мүмкүндүк берет, ошол эле учурда ага суу жолдорун бурууга же ылдыйкы агымдын көлөмүн өзгөртүүгө тыюу салат.

Индиянын бийлиги азырынча комментарий бере элек, бирок Индиянын Борбордук суу комиссиясынын мурдагы башчысы Кушвиндер Вохра The Times of India басылмасына: "Келишим токтоп тургандыктан... биз каалаган долбоордо сууну агызууну эч кандай милдеттенмесиз ишке ашыра алабыз", – деп билдирди.

Адистер сууну узак мөөнөткө токтотуу мүмкүн эместигин, Индия суунун агымын чыгаруу убактысын гана жөнгө сала аларын айтышууда. Бирок Жинна институту: "Сууну чыгаруу убактысынын кичинекей өзгөрүүлөрү да үрөн себүү календарларын бузуп, түшүмдүүлүктү азайтышы мүмкүн" деп эскертти.

Иликте
Афганистан Газага 500 тоннадан ашык жардам жөнөттү
8-TRT Humanitarian кинофестивалы үчүн кайрылуулар башталды
Палестинанын тышкы иштер министри Израилге карата мамиленин өзгөргөнүн айтты
Вьетнам Кытай менен кызматташуу келишимдерине кол койду
Рохинжалар менен бангладештиктерди ташыган кеме чөгүп, каза болгондордун саны белгисиз болууда
АКШнын Тынч океанда баңгизат аткезчилигине шектелген кемеге кол салуусунан төрт адам каза болду
Трамп Иран согушу "жакында бүтөт" деп айтты
Он өлкө Ливандагы кол салууларды "тез арада токтотууга" чакырды
Пакистандын премьер-министри Сауд Арабия, Катар жана Түркияга сапар тартат
25 кеме Ормуз кысыгынан өттү, АКШнын блокадасына карабастан деңиз кыймылы уланууда
IFRC Түркиядан Иранга көбүрөөк жардам жөнөтүүнү пландаштырууда
Макрон Трамп менен Пезешкианды тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого чакырды
Франция менен Британия "коргонуу максатында" Ормуз кысыгындагы коопсуздук миссиясын талкуулашат
Премьер-министр Мелони: Италия Израиль менен коргонуу келишимин токтотууда
Кытай менен Испания "кыйрап бараткан" дүйнөлүк тартипте биримдик жөнүндө билдирүү жөнөтүштү