Израиль аскерлери Газада ок атышпоонун кайрадан башталганын айтып жатат

Палестинанын саламаттыкты сактоо органдары оор жаракат алгандар жана урандылардын астында калгандарды куткаруу иштеринин уланып жатканын, каза болгондордун санында көбөйүүнүн болору боюнча эскертти.

Израиль аскерлери Газада ок атышпоонун кайрадан башталганын айтып жатат. / AA

Израиль армиясы шаршемби күнү Газа тилкесиндеги чабуулдардан кийин ок атышууну токтотуунун кайрадан күчүнө киргенин жарыялады. Бирок, палестиналык жетекчилер бул чабуулдарды келишимди бузуу деп мүнөздөштү.

Израиль армиясынан жасалган билдирүүдө, саясий чечим кабыл алуучулардын көрсөтмөсү менен "ок атышууну токтотуунун кайрадан ишке киргизилгени" айтылды. Анадолу агенттигинин маалыматы боюнча, шейшемби күндүн кечинен бери Израилдин абадан сокку уруусунан 91 палестиналык каза болду алардын ичинен 35и бала.

Палестина маалыматтар агенттигинин (Вафа) билдиргени боюнча, Газанын түндүгүндө 31 адам, борбордук аймактарда 42 адам жана түштүктө 18 адам каза болгон; ондогон адам жаракат алган. Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин айтымында, чабуулдар Израилдин ок атышууну токтотуу келишимине ылайык чыгып кетиши керек болгон "сары сызыктын" ичиндеги үйлөргө, качкындардын чатырларына, унааларга, баш калкалоочу жайларга жана ооруканага багытталган.

Кол салуулардан бир нече саат мурун күбөлөр Газа шаарынын Сабра конушундагы качкындарга баш калкалоочу жай берген мечитке кол салуу болгонун айтышкан.

Чабуулдар АКШнын президенти Дональд Трамптын 20 пункттан турган планынын алкагында 10-октябрда күчүнө кирген ок атышууну токтотууга карабастан ишке ашты. Трамп шейшемби күнү Air Force One учагында берген маалыматында ок атышууну токтотуунун коркунучта эмес экенин белгилеп, Израилдин "жооп кайтарышы керектигин" айтты.

Израиль бир аскеринин өлтүрүлүшүнө Хамасты айыптады, бирок далил келтирген жок. Палестиналыктар мындай айыптоолор көбүнчө жарандарды, өзгөчө аялдар менен балдарды бутага алган чабуулдардын алдында болоорун белгилешет. Хамас шейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө кол салууга тиешеси жок экенин жана ок атышпоо келишимине берилгендигин билдирди.

Келишимдин биринчи этабында израилдик туткундарды бошотуу үчүн болжол менен 2000 палестиналыкты бошотууну күтүп жатат. План ошондой эле Газаны кайра куруу жана ХАМАСты кошпогон жаңы башкаруу механизмин камтыйт.

Палестиналык расмий өкүлдөрдүн айтымында, 2023-жылдын октябрь айынан бери Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан көбү ялдар жана балдар богон 68 500 ашык адам каза болуп, 170 000ден ашуун адам жаракат алган.