ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркия Израилдин Сириянын түштүгүндөгү чабуулдарын айыптап, дароо токтотууга чакырды
Тышкы иштер министрлиги: «Сирия өкмөтүнүн коопсуздукту орнотуу жана өлкөнүн жалпысындагы катышуусун бекемдөө үчүн таштаган кадамдары колдоого алынышы керек»,-деди.
Түркия Израилдин Сириянын түштүгүндөгү чабуулдарын айыптап, дароо токтотууга чакырды
/ AA

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Түркиянын Сириянын түштүгүндөгү акыркы кагылышууга Израилдин аскерий кийлигишүүсүн айыптаганы жана кол салууларды тез арада токтотууга чакырганы айтылды.

«Израилдин Сириянын түштүгүндөгү акыркы окуяларга аскерий күч менен кийлигишүүсүн айыптайбыз жана бул кол салуулардын дароо токтотулушу керектигине басым жасайбыз»,-деген билдирүү шейшемби күнү жарыяланды.

Билдирүүдө Сирияда ырааттуулук жана коопсуздуктун сакталышы биринчи кезекте Сирия элинин, ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн жана кеңири аймактын кызыкчылыгында экени баса белгиленди.

“Ушул алкакта Сирия өкмөтүнүн коопсуздукту орнотуу жана өлкөнүн бардык аймагындагы катышуусун бекемдөө кадамдары колдоого алынышы керек”,- деп айтылды.

Аймактык суверенитетти бузуу

Сириянын аскерлери Сүвейдада тартипти орнотуу максатында аймакка киргенден кийин Израиль өлкөнүн аймактык суверенитетин бузуп Сириянын түштүгүнө абадан сокку урду.

Сириянын коргоо министри шейшемби күнү жергиликтүү коомчулуктун лидерлери менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Сүвейда провинциясында ок атышууну токтотууну жарыялагандан көп өтпөй Израиль чабуулдарын ишке ашырды.

Сириянын коргоо министри өз билдирүүсүндө: «Шаарда кызмат кылган бардык бөлүктөргө кайрылам: Сүвейданын алдыңкы ишмерлери жана пикир лидерлери менен жетишилген макулдашуудан кийин шаарда толук ок атышпоо жарыяланды»,-деди.

Бирок Сирия күчтөрү “мыйзамсыз топтордун” ар кандай кол салуу же ок атууларына дароо жооп кайтарары айтылды.

Иликте
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды