ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Эрдоган:Түркия-Пакистан кызматташтыгы өсүүдө
Президент Режеп Таййип Эрдоган Азербайжанда өткөн Экономикалык Кызматташтык Уюмунун саммитинин алкагында Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен жолугушту..
Эрдоган:Түркия-Пакистан кызматташтыгы өсүүдө
/ AA

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия жума күнү Азербайжанда Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен жолугушуусунда Түркия менен Пакистандын ортосунда өзгөчө соода жана энергетика тармактарында кызматташууну бекемдөө аракеттеринин улантылып жаткандыгын айтты.

Коммуникация башкармалыгынын социалдык медиа платформасы Х аркылуу берилген маалыматына караганда жолугушуу Азербайжандын Ханкенди шаарында өткөн Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) саммитинин негизинде өткөрүлдү. Саммитте эки лидер эки тараптуу карым - катнаштар менен бирге аймактык жана глобалдык маселелерди да талкуулашты.

Эрдоган Газага карата Израилдин кол салууларынын токтотулушу, ок атышпоонун түзүлүшү жана аймакка гуманитардык жардамдын үзгүлтүксүз жеткирилишинин маанисин баса белгиледи.

Маанилүү тармактардагы кызматташтык

Пакистандын премьер - министрлик кеңсесинен берилген маалыматка караганда эки лидер өлкөлөр ортосундагы карым - катнаштарды бардык маанилүү тармактарда чыңдоо жана алдыга жылдыруу боюнча чечкиндүүлүгүн дагы бир жолу ырасташты.

Соода, коргонуу, энергетика, коммуникация жана инвестиция сыяктуу негизги тармактарда кызматташуунун күчөтүлүшү керектигине көңүлдөрдү бурушту.

Шариф өзгөчө Пакистандын Түркия менен биргелешкен тынчтык, туруктуулук жана туруктуу өнүгүү максаттарын алдыга жылдыруудагы "өзгөрүлбөс милдеттенмесин" дагы бир жолу баса белгиледи.

Жолугушууда Эрдоганды тышкы иштер министри Хакан Фидан, үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри Махинур Өздемир Гөкташ, соода министри Өмер Болат, транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу, коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун жана тышкы саясат жана коопсуздук боюнча башкы кеңешчиси Акиф Чагатай Кылыч коштоду.

Иликте
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
БУУ:2026-жылдын биринчи жарымында Россия-Украина согушунда карапайым калктын өлүмү 37% өстү
Дүйнөлүк башаламандык шартында АСЕАН биримдикке чакырган маанилүү саммит баштады
Лавров Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри  Цой Сон Хи менен жолугушту
АКШ Иранга каршы жаңы чабуулдарды баштады жана Иранда көптөгөн жарылуулардын болгону билдирилди
Түркия: "90 жылдан бери Монтрё кысыктары конвенциясын кылдаттык менен ишке ашырып келе жатабыз"
Президент Эрдоган: "Биз Кипр түрк элин эч качан адилеттүү күрөшүндө жалгыз калтырбайбыз"
Түркия ТКТРнын кызыкчылыктарын коргоону улантарын билдирди
Хакан Фидан: «Каалообуз эртерээк Иран менен Американын  келишимге кайтып келиши»
АКШнын Иранга карата жасаган чабуулдары 9-түнүндө улантылды
Дүйнөлүк кубоктун ээси Испания
Тышкы иштер министри Фидан катардык кесиптеши менен жолугушту