Орусиянын Киевге чабуулунан төрт адам каза болуп, он адам жаракат алды
Украина Аба күчтөрү Орусиянын Киевге кол салуусунан кийин "бүткүл Украинанын" ракета коркунучу астында экенин эскертти. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, чабуулдан көп сандаган жайкын тургундар жаракат алышты.
Киевдин мэри Виталий Кличко Орусиянын Украинанын борборуна чабуулдарынан кеминде төрт адам каза болуп, он адам жаракат алганын кабарлады.
Мэр Кличко Telegram баракчасындагы билдирүүсүндө: "Борбордо төрт адам каза болду. Он адам жаракат алды. Алардын бешөөнү дарыгерлер ооруканага алып кетишти. Калгандарына окуя болгон жерде жардам көрсөтүлдү", - деп билдирди.
Орусия түнү бою Украинанын башка шаарларын да бутага алды. Чыгыштагы Харьковго кол салуу тууралуу маалыматтар азырынча тастыктала элек.
Украинанын Аба күчтөрү болсо: "Киевге каршы душмандын чабуулчу дрондорунун комплекстүү кол салуусу жүрүп жатат!" деди.
Аба күчтөрү "бүткүл Украинанын" "ракета коркунучу" астында экенин жана орусиялык учактар учуп кеткенин ырастады.