ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Израиль Газадагы палестиналык Кызыл Жарым Айды бутага алды: Бир кызматкер каза болду
Израилдин абадан чабуулу Хан Юнус шаарындагы жардам уюмунун штаб-квартирасын бутага алуусунан дагы үч адам жаракат алды.
Израиль Газадагы палестиналык Кызыл Жарым Айды бутага алды: Бир кызматкер каза болду
(FILE PHOTO) Palestinian members of PRCS react near the bodies of their two fellow paramedics killed in an Israeli strike in Rafah on May 30, 2024. / Reuters

Палестинанын Кызыл Жарым Ай коомунун (PRCS) билдирүүсүнө караганда, жекшемби күнү Израиль армиясынын Газанын түштүгүндөгү бирикменин баш кеңсесине сокку уруусунан бир кызматкер каза таап, үчөө жарадар болду.

PRCS өзүнүн X платформасында "Палестиналык Кызыл Жарым Ай коомунун (PRCS) бир кызматкери каза болду, дагы үчөө жарадар болду жана Израил аскерлери бирикменин Хан Юнустагы баш кеңсесин бутага алганда имараттын биринчи кабатында өрт чыкты" деп жазды.

PRCS кол салуу имараттын биринчи кабатына болуп, өрт чыгып, олуттуу зыянга учураганын билдирди.

Кол салуу АКШнын өкүлү Стив Виткофф ачарчылыктан жана жокчулуктан каза болгондор көбөйүп жаткан Газадагы азык-түлүк жеткирүү аракеттерин текшерүү үчүн аймакка баргандан кийин болду.

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) башкы директору Цю Донгю:“Газа азыр толук масштабдуу ачарчылыктын босогосунда турат. Эл ачкадан өлүп жатат, себеби тамак-аш жок эмес, жеткирүү жолдору тосулган, жергиликтүү айыл чарба системалары кыйраган жана үй-бүлөлөр эң жөнөкөй жашоо каражаттарын да камсыздай албай калышты,”-деп билдирди

Израиль армиясы 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газага жасаган ырайымсыз чабуулунда 60300дөн ашуун палестиналыкты өлтүрдү.

Тынымсыз бомбалоолорго дуушар болгон аймак талкаланып, азык-түлүк тартыштыгына дуушар болууда.

Иликте
"Израиль Чыгыш Кудстагы Британиянын консулдугун 30 күндүн ичинде жабууга буйрук берди"
Канаданын АКШга каршы жооп иретиндеги тарифтери күчүнө кирди
АКШ Ирандын көптөгөн танкерлерине кол салды
Түркия хуситтердин кол салууларын айыптады
Жаңы Зеландия Израилди Батыш Шериадагы мыйзамсыз конуштарды кеңейтүүнү токтотууга чакырды
Иран Иордандагы АКШ базасын бутага алды: Американын эсминецтерин атканын билдирди
Катар жана Кытай Ормуз кысыгындагы кеме жүрүү эркиндигин талкуулашты
Непал-Кытай чек арасындагы селден каза болгондордун саны 1400гө жетти
Венгрия 10 орус дипломатын өлкөдөн чыгарды
UNIFILдин чыгышы жакындап, БУУнун Коопсуздук Кеңеши тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн келечегин чечет
Ирандан чабуулчулар "толугу менен өкүнгөнгө" чейин каршылык көрсөтүү убадасы
Зеленский Россиянын Украинадагы телеканалдын имаратына дрон менен чабуул койгонун жарыялады
Смотрич: Осло келишимдери жараксыз, Батыш Шерианын А жана В аймактары аннексияланышы керек
Израиль күчтөрү оккупацияланган Батыш Шериада жүргүзүлгөн рейд учурунда бир палестиналыкты өлтүрдү
Польшада роботтор жасалма интеллектке каршы нааразылык акциясын өткөрүштү