ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Россиянын чабуулдары Украинанын электр тармагына сокку урду, тынчтык сүйлөшүүлөрү улантылууда
АКШнын ортомчулугундагы сүйлөшүүлөр кагылышууларды токтотууда ийгиликсиз болуп, Россиянын Украинанын энергетикалык инфраструктурасына жасаган чабуулдары катуу суукта өлкө боюнча электр үзгүлтүктөрүнө алып келди.
Россиянын чабуулдары Украинанын электр тармагына сокку урду,  тынчтык сүйлөшүүлөрү улантылууда
2026-жылдын 23-январында Украинада өлкөнүн энергетикалык системасына Орусиянын ракеталык чабуулунан кийин талкаланган электр станциясын жумушчулар оңдоп жатышат. / AP

Мамлекеттик электр тармактарынын оператору ишемби күнү берген билдирүүсүндө орус аскерлеринин Украинанын энергетикалык инфраструктурасына жасаган «чоң чабуулу» өлкө боюнча электр энергиясынын өчүшүнө алып келгенин маалымдады.

Россия дээрлик төрт жылдан бери уланып жаткан согушту токтотуу үчүн эки өлкөнүн ортосунда АКШнын ортомчулугунда өтүп жаткан сүйлөшүүлөргө карабастан, акыркы күндөрү Украинаны басып алуу үчүн жасаган чабуулдарын улантты.

Украиналык жетекчилер Москваны энергетикалык инфраструктураны атайылап бутага алуу менен айыптап, нөлдөн төмөн температурада жүз миңдеген адам пайдаланган жарык жана жылытуу кызматтарынын үзгүлтүккө учурашына себеп болгонун белгилешти.

Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль Россиянын Украинанын батышындагы Бурштын жана Добротвор энергия станцияларына кол салгандан кийин, Киевдин Польшадан шашылыш жардам сураганын айтты.

Электр тармактарынын оператору "Укрэнерго" ишемби күнү: "Россия Украинанын электр тармактарынын объектилерине каршы кезектеги чоң чабуулун ишке ашырууда", — деп билдирди.

Телеграм аркылуу берилген маалыматта : “Душман келтирген зыянга байланыштуу көпчүлүк аймактарда электр энергиясы чукул түрдө өчүрүлдү. Чабуул азыркы учурда да улантылууда. Коопсуздук абал мүмкүндүк бергенде калыбына келтирүү иштери башталат», — деп кошумчалады.

Украина менен Россия январь айынан бери Абу-Дабиде АКШнын ортомчулугунда менен эки айлампа сүйлөшүү өткөрүштү.

Киев менен Москва туткун алмашуу боюнча макулдашты, бирок сүйлөшүүлөрдөгү эң маанилүү маселелердин бири болгон аймактык (жер) маселесинде эч кандай жылыш болгон жок.

Москва жума күнү Россиянын борбор шаарындагы жогорку мартабалуу аскердик чалгындоо генералынын жараланышына себеп болгон окуянын Украина тарабынан уюштурулгандыгын айтты. Киев бул маселе боюнча комментарий бере элек.

Иликте
Отчет: Иран согушунда АКШнын 81 аскердик аба техникасы жоголду же зыян тартты
Түркия да 2036-жылкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкер
CNN: Стамбул аэропорту Лондонду тактыдан түшүрүп, асманга үстөмдүк кылууда
Эль-Ниньо Тынч океандын температурасын рекорддук деңгээлге жеткириши мүмкүн
30 долларга алынган картина аукциондо 1,35 миллион долларга сатылды
Кытайлык хакер Түштүк Кореянын банктарына киберчабуулдарда жасалма интеллектти колдонгон
Францияда студенттердин нааразычылыгы өлкөнү башаламандыкка алып келди
Гутерриш пакистандык лидерлер менен жолугушту:  Кашмир, аймактык тынчтык жана суу маселеси каралды
Пакистан армиясы Сауд Арабиясына аскерлерин жайгаштырганын ырастады
Газадагы геноциддин үчүнчү жылы: Израиль маанилүү инфраструктураны кантип талкалады?
Иранга каршы согуш мунай ташуу жолдорун бузуп, Ирак динарынын курсун түшүрдү
АКШ аскерлери Окинавада чектөөлөргө туш болушту
Израилдин геноцидинде Газада жана оккупацияланган Батыш Шериада 20 000ден ашуун окуучу каза болду
Эрдоган менен Путин Кара деңиз коопсуздугун жана Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүн талкуулашты
Киев менен Москва түнү бою чабуулдарын улантышты