ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Россиянын айыл чарба министри Лут: "Түркия менен Россия айыл чарба боюнча бири-бирин толуктап турат"
Россиянын айыл чарба министри Оксана Лут Түркия менен Россиянын ортосундагы айыл чарба соодасынын көлөмү өткөн жылы болжол менен 6 миллиард долларды түзгөнүн билдирип: "Түркия менен Россия айыл чарбасында бири-бирин толуктап турат", - деди.
Россиянын айыл чарба министри Лут: "Түркия менен Россия айыл чарба боюнча бири-бирин толуктап турат"
Москвада өткөрүлгөн “2-Эл аралык ветеринардык коопсуздук форумуна” министр Юмаклы да катышты

Оксана Лут өлкөсүнүн борбор шаар Москвада өткөн "2-Эл аралык ветеринардык коопсуздук форумунда" суроолорго жооп берди.

Лут өлкөлөрдүн бири-бирине ар кандай товар топторун сатканын белгилеп: «Түркия менен Россия айыл чарбасында бири-бирин толуктап турат. Биз Түркияга негизинен дан, майлуу өсүмдүктөр жана май азыктарын жөнөтөбүз. Түркиядан болсо негизинен мөмө - жемиш жана жашылчаларды алабыз», - деди.

Түрк өнөктөштөрүн "Россиянын туруктуу өнөктөштөрү" деп мүнөздөгөн Лут: "Украина менен болгон согуштан улам азыркы оор кырдаал биздин ишибизге, соодабызга жана албетте, достугубузга тоскоол болбойт деген үмүттөбүз", - деди.

Иликте
Халук Гөргүн: "Коргонуу өнөр жайыбыздын күчү жаштарыбыздын акылы жана жүрөгү"
Трамп Түркияга карата CAATSA санкцияларын жоюуга оң көз карашын билдирди
Тышкы иштер министрлигинин "Түрк мамлекеттеринин кызматташтыгы күнүнө" карата билдирүүсү
Россия Киевде бир көпүрөгө сокку урду, жол кыймылы токтоду
Трамп: "Эгерде Иран маселеси чечилсе, мунайдын баасы төмөндөйт"
Европа Биримдиги Украинага 2,9 миллиард евро өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтөт
Гүлер: "Кавказдын коопсуздугу Түркия, Азербайжан жана Грузиянын коопсуздугунан бөлөк каралбайт"
Россияда ички рынок турукташкандан кийин бензин экспорту кайра жандана турганы белгиленди
Путин Россияга түз кол салуу болсо бардык куралдардын колдонулушу күн тартибине келерин белгиледи
Конго Демократиялык Республикасындагы Эбола вирусунан 3982 адам каза болду
Түркия хуситтердин Мединадагы жарандык инфраструктурага кол салуусун катуу айыптады
Улуттук коргоо министри Гүлер азербайжандык жана грузиялык кесиптештери менен жолугушту
ТЕКНОФЕСТтин Түштүк  - Чыгыштагы үчүнчү күнү
Кыргызстан алгачкы улуттук спутнигин космоско учурду
Еврпа Биримдиги: Россиян тузагына түшпөйбүз, коркутуу жана үркүтүү тактикаларын ачыкка чыгарбайбыз