Афганистанда болгон 5,8 баллдык жер титирөөдө 6 киши каза болду

Жер титирөө жердин 181 километр тереңдигинде болгону билдирилди.

By
Архивдик сүрөт: Мармул районунда өткөн жылкы жер титирөөдөн кийин талкаланган үйлөрдүн урандыларынын арасында адамдар турушат. / Reuters

Афганистандын Гиндукуш аймагында болгон 5,8 баллга жеткен жер титирөө борбор шаар Кабул баш болгон бир катар аймактарга таасирин тийгизди.

Кабул провинциясынын Баграми районунда бир үйдүн кулашы менен кеминде алты адам каза болуп, бир адам дайынсыз жоголгону билдирилди.

Афганистандын Маалымат министрлиги жума күнү бир үйдүн кулашынан улам каза болгондор болгонун билдирди.

Германиянын Геоилимдер изилдөө борборунун маалыматы боюнча  жер титирөө жердин 181 чакырым тереңдигинде болгон.

Силкинүү Гринвич убактысы боюнча саат 16:12де катталды.

Жер титирөнүн күчү алгач 5,9 балл деп айтылган, кийинчерээк көрсөткүч 5,8ге өзгөртүлгөн.

Жер титирөө Кабулда, ошондой эле Пакистандын борбору Исламабадда, Хайбер-Пахтунхва провинциясында жана Гилгит-Балтистан аймагында сезилди.

Жер титирөө Индия башкарган Кашмирде да сезилди.

Пакистандын метеорологиялык департаменти жер титирөөнүн күчү 6,1 балл болгонун билдирген.

Өткөн жылдын август айында Афганистандын чыгышында 2200дөн ашык адамдын өмүрүн алып, дээрлик 4000 адам жаракат алган катуу жер титирөө болгон.

Ноябрь айында да 6,3 баллга жеткен жер титирөө болуп, кеминде 20 адам каза болуп, 1000 адам жаракат алган.