ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Сириянын Асаддан кийинки биринчи парламенттик шайлоосу сентябрда өткөрүлөт
Жогорку Шайлоо Комитети шайлоонун 15-20-сентябрь аралыгында өтөөрүн жарыялады.
Сириянын Асаддан кийинки биринчи парламенттик шайлоосу сентябрда өткөрүлөт
/ AA

Сирия жаңы жетекчиликтин алдында биринчи парламенттик шайлоосун 15-сентябрдан 20-сентябрга чейин өткөрүүнү пландап жатат.

Жогорку Шайлоо Комитетинин төарагсы Таха аль Ахмеддин SANA мамлекеттик маалымат агенттигине берген маалыматка караганда Жогорк Шайлоо Комитети ишемби күнү президент Ахмед Шараа менен жолугушуп, Сириядагы түрдүү коомдор менен өткөрүлгөн кеңешүүлөрдөн кийин убактылуу шайлоо мыйзамына киргизилген маанилүү өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берди.

Аль Шараа шайлоонун Сириянын бардык провинцияларында өткөрүүнүн маанисин баса белгилеп, аймактык бөлүнүү идеясына каршы экенин айтты. Бул идеяны бардык сириялыктар четке кагат.

Аль Ахмед Сириянын президентинин согуш кылмышкерлерин колдогон же алар менен кызматташкан адамдар менен сектанттыкты же бөлүнүүнү козуткандардын шайлоо процессинен четтетилиши керектигин айтканын билдирди.

Билдирүүдө кайра каралган системага ылайык, Элдик Ассамблеядагы (парламенттеги) орундардын саны 150дөн 210го чыгарылары жана 2011-жылдагы эл каттоонун негизинде облустар боюнча орундардын бөлүштүрүлүшүнүн кеңейтилери айтылды. Президент ошондой эле 210 мүчөнүн 70ин дайындай алат.

Аль Ахмед убактылуу шайлоо системасы тууралуу президенттик жарлыкка кол койгондон кийин шайлоо комитетинин астыңкы комитеттерин түзүү үчүн бир жумага жакын убакытка муктаждыктын бар экенин жана бул комитеттердин шайлоо органдарын белгилөө үчүн 15 күн убактыларынын болорун билдирди.

Андан кийин кандидаттарды каттоо башталат жана талапкерлерге шайлоо өнөктүктөрүн даярдоого бир жума берилет. Бул процессте өнөктүктөр шайлоо органдары жана комитет мүчөлөрү менен ишке ашырыла турган талкуулар да кампаниянын программасында орун алат.

Шайлоонун 15-сентябрдан 20-сентябрга чейин өткөрүүнү күтүп жаткандарын ырастаган Аль Ахмед шайлоо комиссияларынын кеминде 20 пайызын аялдардын түзөрүн белгиледи.

Акыркы версия

Шайлоо процесси жарандык коом жана эл аралык уюмдар тарабынан байкоого ачык болот. Бул процессти Жогорку Шайлоо Комитети талапкерлердин тизмесине жана акыркы жыйынтыктарга каршы чыгуу укугуна кепилдик берерин билдирди.

Ишемби күнү кечинде Сирия президенттиги парламент үчүн убактылуу шайлоо мыйзамынын акыркы версиясын кабыл алганын ырастады.

13-июнда Аль Шараа Жогорку Шайлоо Комитетин түзүү боюнча жарлыкты жарыялады. . Башында парламенттик орундардын саны 150 деп белгиленген комитет кийинчерек 210го чыгарды.

Жарлыкка ылайык, комитет шайлоо органдарын түзүү милдетин аткарат. Бул органдар парламенттин үчтөн эки бөлүгүн шайлайт, ал эми калган үчтөн бир бөлүгүн президент дайындайт.

Орундар калктын санына жараша провинциялар арасында бөлүштүрүлөт жана коомдук лидерлер менен интеллектуалдар үчүн шайлоо округдарына бөлүнөт. Бул бөлүштүрүү комитет тарабынан белгиленген критерийлерге ылайык жүргүзүлөт.

Иликте
Түрк балмуздагы дүйнө элдеринин табитин ачууда
Түркиянын чыгышында 5 баллдык жер титирөө болду
Венесуэладагы жер титирөөлөрдө каза болгондордун саны өсүүдө: 5,069 адам каза болду
Украинанын дрондук учактарынын чабуулунан Россияда жети адам каза болуп, 24 адам жаракат алды
Зеленский Одесса шаары жана Запорожье аймагындагы кол салууларда төрт адамдын каза болгонун билдирди
15-июлдан кийинки тышкы саясат жана Түркиянын келечек көз карашы
Министр Фидан : "Украинага абдан түшүмдүү сапар ишке ашырдык"
15 -  июлдан кийинки стратегиялык саясаттар
АКШ кечээ түнү Иранга каршы баштаган чабуулдарын токтотконун жарыялады
Иран: "АКШнын Ормуз кысыгына кийлигишүүсүнө жол бербейбиз"
Фидан-Сибига: «Ок атышууну токтотууга даярбыз, лидерлер Түркияда жолугуша алат»
Украинанын президенти Зеленский: "Биз Европа Биримдигине толук мүчө болууга татыктуубуз"
Иран армиясы:"Кувейт жана Бахрейндеги АКШ базалары менен борборлоруна дрондор менен чабуул жасадык"
Тышкы иштер министри Фидан Украинага барат
ФЕТӨнүн коргоо өнөр жайындагы диверсиялары жана акыркы 10 жылдагы ата мекендик коргонуу долбоорлору