ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Россиядагы күчтүү жер титирөө жалпы Тынч океанда цунами эскертүүлөрүнө себеп болду
Аймактык сейсмикалык мониторинг кызматы шаршемби күнкү жер титирөөнүн Россиянын Камчатка аймагында 1952-жылдан бери катталган эң күчтүү жер титирөө болгонун билдирди жана жер титирөөдөн кийин кайталануучу термелүүнүн болоорун эскертти.
Россиядагы  күчтүү жер титирөө жалпы Тынч океанда цунами эскертүүлөрүнө себеп болду
/ AP

Шаршемби күнү эртең менен Россиянын чыгышында катуу жер титирөөлөрдүн бири болду. Жер титирөө Тынч океан аркылуу 4 метрге чейин цунами толкундарын жаратып, Гавайиден Жапонияга чейин эвакуацияларды баштоого жол ачты.

АКШнын геологиялык борборунун билдиргенине караганда  8,8 баллдык жер титирөө шейшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат  08:24тө Россиянын чыгышындагы Камчатка жарым аралындагы  Петропавловск жакындарында болгон эң чоң 10 жер титирөөнүн арасында орун алды.

Орус жетекчилер бир туцунаминин Северо  -  Курльск порт шаарын жабыркатканын жана суу ташкынына себеп болгондугун билдирди. Жергиликтүү медиа Камчатканын Елизов районунда 3 – 4  метр бийиктикте толкундун болгонун билдирди.

Орус социалдык медиа тармактарында жарыяланган бир видеодон шаардагы имараттрадын деңиз суусунун астында калганын көрүүгө болот. Жетекчилер 2000ге жакын кишинин эвакуациялангандыгын билдиришти.

Мамлекеттик маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда Россияда жер титирөөдөн улам бир канча киши жаракат алды бирок олуттуу  жаралануу тууралуу маалымат берилген жок.

Элизов районунда бир тургун мамлекеттик телекөрсөтүүгө : «Дубалдар титиреп жатты. Каалганын жанына суу жана кийим кече салынган чемодан даярдар койгонбуз. Ылдам түрдө аны алып тышка карай чуркадык. Абдан коркунучтуу эле»,- деп билдирди.

АКШ, Мексика жана Эквадор жана Түндүк жана Түштүк Американын Тынч океан жээгиндеги таасирленген пляждардан алыс болуу боюнча эскертүү берилди.

Японияда, Хоккайдодо адамдар машиналар менен же жөө бийик жерлерге эвакуацияланды. Биринчи толкундун  30 сантиметр бийиктикте болгону байкалды. Түшкү сааттарга чейин Японияда кандайдыр бир жаралануу же зыян тартуу билидирилген жок.

Гавайиде Гонолулу шаарынын мэри Рик Блангиарди шаар тургундары менен миңдеген зыяратчынын имараттардын үстүнкү кабаттарына же бийик жерлерге баруусу керектигин айтты.

Губернатор  Джош Грин: "Элдер мурда көргөндөй пляжда калбашы керек же цунами кандай экенин көрүү үчүн өмүрүн тобокелге салбашы керек", - деп белгиледи.

«Бул жөн гана толкун эмес. Эгер  цунамиге кабылсаңыз, чындыгында сизди өлтүрүшү мүмкүн", - деп кошумчалады.

Тынч океан боюнча эскертүүлөр

АКШнын Геологиялык изилдөөлөр борборунун (USGS) билдиргенине караганда жер итирөөнүн эпицентри ал жылы жалпы Тынч океанда кыйратуучу цунамини алып келген 9,0 баллдык термелүү менен дээрлик бир жерде.

Аймакта  6,9  жана  6,3  балл болгон кеминде алты кайталануучу жер титирөө болду.

АКШнын Цунами эскертүү борборлору Эквадор,  Гавайи аралдарынын түндүк-батышындагы жана Россиянын айрым жээктеринде үч метр бийиктиктеги толкундардын болушу мүмкүн экенин билдирди.

Чилинин, Коста-Риканын, Француз Полинезиясынын, Гуамдын, Гавайинин, Япониянын жана Тынч океандагы башка аралдар менен арал топторунун айрым жээктеринде 1 метрден 3 метрге чейинки толкундардын болушу  күтүлүүдө.   Австралия, Колумбия, Мексика, Жаңы Зеландия, Тонга жана Тайванда бир метрге жеткен толкундар күтүлүүдө.

Бул шарттар "коркунучтуу" деп мүнөздөлдү.

Пляжга чыккан киттер телекөрсөтүү экрандарынан көрүндү

 Фукусима атомдук электр станциясынын оператору билдиргендей, Япониянын түндүк-чыгышында  2011-жылдагы катуу жер титирөө жана цунамиден кыйраган Фукусима атомдук электр станциясынын жумушчулары жер титирөөдөн кийин эвакуацияланды.

Тайван да цунами тууралуу эскертүү берди жана Борбордук аба башкармалыгы цунами толкундары Тайвандын жээгине саат 13:18де (GMT 05:18) жетиши мүмкүн экендигин эскертти.

Филиппиндер да Тынч океанга караган жээк аймактарынын тургундарына катуу жер титирөөдөн кийин "цунами толкунунун бийиктиги бир метрден ашпаганын" эскертти.

Кайталануучу жер титирөөлөр

Жергиликтүү AFP кабарчылары цунами тууралуу эскертүүлөрдүн Калифорнияда уюлдук телефондорго жөнөтүлүп жатканын кабарлашты.

АКШнын президенти Дональд Трамп социалдык түйүндөрдө “КҮЧТҮҮ  ЖАНА КООПСУЗ БОЛГУЛА!” деп жазды.

Гавайидеги атактуу Вайкики серфинг пляжынын жанында цунами сиреналары угулуп AFP фотожурналисти гавайиликтер бийик жерге качууга аракет кылып жатып тыгында калганын байкаган.

АКШнын цунами боюнча эскертүү борборлору Гавайи штатына эң жогорку деңгээлдеги цунами эскертүүсүн жарыялады. Алгачкы толкундардын жергиликтүү убакыт боюнча  саат 19:17де келери күтүлүүдө.

 Сейсмологиялык борбордун эскертүүсүндө: «Элдерге пляждан алыс болууга жана жээкке чыкпоо сунушталат",- деди.

Өзгөчө толкундардын   2 метрге (6 фут)  чейин жетиши күтүлүп жаткан аймактарда кемелерге ачык сууларга багыт алуу көрсөтмөсү берилди.

 

 

Иликте
Кытайдын Сычуань провинциясында үйдүн дубалы кулап, беш адам каза болду
Иран парламентинин төрагасы Калибаф Иракка сапарын Сүлейманинин эстелигин зыярат кылуу менен баштады
Индиянын Батыш Бенгалия штатындагы мейманканадагы өрттөн тогуз адам каза болду
Британияда сальмонеллез оорусунан 1 адам каза болуп, 207 учур катталды
Катар Газадагы ок атышууну токтотуу келишиминин толук аткарылышы үчүн кысымын күчөтүүдө
БУУ Газанын  2025 -  жылы да гуманитардык жардам кызматкерилери каза болгон аймак болгонун билдирди
Сирияда газ жеткирген газ түтүгүндө жарылуу болду
Лавров Россия менен Түндүк Кореянын жаңы көп полюстуу дүйнөлүк тартипти издеп жатканын айтты
Түркия 2026–2030-жылдарда глобалдык ЖИ борбору болуу максатындагы жол картасын жарыялады
Австралия менен Япониянын коргоо министрлери терең аскердик кызматташтык тууралуу сүйлөштү
Филиппиндеги  мектепте болгон куралдуу кол салууда  төрт адам каза болду
Украина Орусиянын чабуулдарына каршы бир нече жумадан бери Patriot ракеталарын колдоно албай жатат
Франция Түркияга да ыраазычылык билдирди
Түштүк Кореянын президенти 2030-жылга чейин аскердик командирликти АКШдан алууга аракет кылууда
Аракчи: "АКШ менен жетишилген келишимди ишке ашыруудагы эң чоң тоскоолдук - бул Израиль"