ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Нигерия селде дайынсыз жоголгондордун азасын күтүүдө, каза болгондордун саны туруктуу
Нигерияда болгон катуу сел Мокваны кыйратып, кыйынчылык тарткан үй - бүлөлөр өкмөттөн дээрлик эч жардам болбогондуктан дарактардын астында түнөп, сел агызган сөөктөрдү күтүшүүдө.
Нигерия селде  дайынсыз жоголгондордун азасын күтүүдө, каза болгондордун саны туруктуу
Death toll in Nigeria floods rises to over 150
20 Июнь 2025

Нигериянын Моква шаарында Фатима жана Хабиба Жибрин аттуу эки аял манго дарагынын түбүндө отуруп, табылбай жаткан жакындарынын сөөгүн күтүп жатышты.

Бир адам менен турмуш курган эки аял бир жума мурун кыштактын чоң бөлүгүн жок кылган жана тарыхтын эң жаман сел апаатынын бири катары аталган бул окуядан бери түндү ушул жерде өткөрүүдө. Сел үйлөрүн, күйөөсүнүн башка дагы эки аялын жана 16 баланы агызып кеткен.

26 жаштагы Фатима төрт баласын, ал эми 27 жаштагы Хабиба алты баласын жоготту.

Үй-бүлөдөн 18 адамдын каза болгону болжолдолууда бирок алардын төртөөнүн гана сөөгү табылды.

Мындай кайгылуу окуялар Моквада көп кездешүүдө. Бул аймак Нигериянын борбордук бөлүгүндөгү Нигер штатында жайгашкан. Расмий маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 150гө жетти, бирок чыныгы сан мындан да көп болушу мүмкүн.

“Биз манго дарагынын түбүндө төшөк жана чиркей тору менен түнөп жатабыз. Жегенге тамагыбыз да жок,” - деп айтты Фатима AFP агенттигине.

Өкмөттүн жардамы абдан аз болгондуктан, толугу менен аман калган тургундардын кайрымдуулугуна көз каранды.

Күйөөсү ислам мектебинин мугалими, күн сайын селде жоголгон 14 адамдын сөөгүн издөө үчүн чыгышууда. Бирок убакыт өткөн сайын үмүт азайып баратат.

Дагы көп сөөктүн болушу болжолдолууда

Кеминде 15 электр мамычасы кулады жана шаарды караңгылык каптады. Аба ырайынын аптаптуулугу кыйынчылыкты ого бетер күчөтүүдө.

Суу жетишсиз жана селден кийинки чоң коркунуч болгон холера кырдаалды ого бетер начарлатышы мүмкүн деген кооптонуулар бар.

Кайрымдуулар жана куткаруу топтору селден кийин 10 чакырым алыстыкта, Нигер дарыясынын боюнан сөөктөрдү табышты. Айрымдарынын коңшу Квара штатындагы айылдардан табылганы билдирилди.

Фатима жана Хабиба күйөөсүнүн үйгө кайтып келишин күтүүдө, жаман кабар болсо да.

Фатима Жибрин: «Алардын сөөгүн таап, көмүп алсак, биз үчүн сооротуучу абал болот,” - деди.

Бул эки аял сыяктуу Фатима Мухаммед да небересинин сөөгүн же тирүү табуу үмүтүндө.

Ал сел болгон күнү эртең мененки тамакты даярдап жатканда үйүнүн алдынан суу агып жатканын көргөн.

Бирок бул суу бир нече күн бою топтолуп, темир жолдун жанындагы дубалды жарып өткөнүн билген эмес.

Бир мүнөттүн ичинде жай аккан суу күчтүү агымга айланды.

Ал арткы эшиктен качып чыккан, бирок небереси аны ээрчип бара жатып, агып кеткенин билдирди АФПге.

Ал кызы менен жашайт жана өзүн жүк болгондой сезет.

Бирок алигиче жардам келбей жатат.

Тургундар өкмөттүн жардамынын аз экендигин айтышууда

Негизинен мусулман коомчулугунун көпчүлүгү Курман айт майрамына саналуу күндөр калганына карабастан өкмөттүн кошумча жардам көрсөтпөгөнүнө нааразы.

Облустун губернатордун орун басары аймакка барып убада берди жана өкмөттүн жардам жибергендигин айтты. Бирок көптөгөн тургун эч нерсе көрбөгөндүгүн белгиледи.

Кээ бир жаштар AFP журналистин өкмөт өкүлү деп ойлоп, токмоктоо менен коркутту.

Айрым жардам материалдарын таратуу тургундар муну митинг деп ойлогондуктан жардам материалдарынын ачык түрдө таратылышын талап кылышы менен күтүлбөгөн жерден токтотулду.

Губернатордун аялы Фатима Мохаммед Баго жабыркаган аймакка кыска убакытка барды. Тез жардам кызматкерлери анын барышына бир канча минута калгана аймакка батышты жана дароо кетишти.

Фатима жана Хабиба Жибрин менен Фатима Мухаммед, губернатордун аялынын өздөрү менен жолукпаганын жана өкмөттөн эч кандай жардам албагандарын айтышты.

“Колумдан эч нерсе келбей жатат,” - деген 36 жаштагы айдоочу Мухаммед Алиу балдарын, аялын жана үйүн селде жоготту.

“Бирок алардын сөөгүн көрсөм көксөм суумак”.

Иликте
БУУ: Израиль азыр да жардамдардын Газага киришине тоскоол болууда
Израилдик өнөрпоздор Газадагы геноцидден улам эл аралык айыптоолорго кабылууну улантууда
АКШ Ирандын санкцияларынын жоюулушу тууралуу   сурап жатканын айтты
Иран президенти жакында жамгыр жаабаса Тегеран эвакуацияланышы мүмкүн экенин эскертти
Илон Маск дүйнөдөгү биринчи триллионер болуу жолунда
Сеул армиясы: Түндүк Корея белгисиз баллистикалык ракета учурду
"Калмаеги" тайфуну Филиппинде 188 адамдын өлүмүнө себеп болду
Евробиримдик көбү орусиялык жарандар үчүн көп жолку визаларды токтотот
Судан Ыкчам колдоо күчтөрүнө каршы "өч алуу жана жеңиште" чечкиндүү
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сириянын президенти жана ички иштер министрине карата санкцияларды жойду
Польша менен Румыния  дрондордун активдүүлүгүнөн  улам жаңы коргонуу системасын жайгаштырды
Россия менен Украинанын өз ара дрон чабуулдарында бир киши каза болуп, бир нече адам жараланды
Климат министри: Бельгияны сынга алды
IATА Кытай авиакомпаниялары үчүн юанды эсептешүү валютасы катары кабыл алды
Nvidia директору Хуанг Кытайдын жасалма интеллект жарышында жеңерин билдирди
ЕБ менен Кытайдын ортосунда сейрек кездешүүчү элементтерди жеткирүү үчүн "атайын канал"
Трамп Борбордук Азиядагы беш өлкөнүн  лидерин Вашингтондо тосуп алат
АКШ менен Сауд Арабия Калифорния чөлүндө биргелешкен аскердик машыгууну башташты
Филиппинди каптаган өлүмгө алып келген "Калмаеги" тайфуну Вьетнамды көздөй жылып баратат
АКШ Газа коопсуздук күчү боюнча резолюция долбоорун БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунуштады