ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
TRT World Forum 2025 глобалдык көйгөйлөргө чечим табуу үчүн адистерди жолугуштурууда
TRT World форумунда адистер жана расмий өкүлдөр чогулуп башкаруу, климаттын өзгөрүшү, технология жана эл аралык маселелерди талкуулашат.
TRT World Forum 2025 глобалдык көйгөйлөргө чечим табуу үчүн адистерди жолугуштурууда
TRT World Forum 2025 / TRT World

Дүйнөнүн эң ири медиа форумдарынын бири болгон TRT World Forum 31-октябрдан 1-ноябрга чейин Стамбулда 9-жолу өткөрүлөт. Иш-чарага ар кыл тармактагы баяндамачы жана адистердин кеңири чөйрөсү катышат.

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси (TRT) тарабынан уюштурулган бул форум дүйнөнүн ар тарабынан келген адистерди жана жогорку даражалуу өкүлдөрдү жолугуштурат.

“Глобалдык кайра түзүлүү: Эски тартиптен жаңы реалдуулуктарга” деген темада өтө турган форум, глобалдык туруксуздуктун күчөшүнө жана эл аралык коомчулуктун алдында турган актуалдуу көйгөйлөргө көңүл бурат.

Өткөн жылдарда миңдеген катышуучуну кабыл алган TRT World Forum жогорку деңгээлдеги саясатчылардын жана дипломаттардын кызыгуусун жараткан.

Быйылкы сессияларда Түркиянын коргонуу саясаты, Сирияны кайра куруу, көп уюлдуу дүйнөдө дипломатия жана башкаруу сыяктуу негизги эл аралык маселелер каралат.

Панелдерде ошондой эле геосаясат, коопсуздук, климат жана энергия, технология, медиа, эл аралык укук жана глобалдык экономикалык өзгөрүүлөр сыяктуу темалар талкууланат.

2017-жылдан бери форумга катышып келген Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын быйыл да эл аралык көйгөйлөргө байланыштуу сөз сүйлөшү күтүлүүдө.

Форум диалогду илгерилетүү, чечим кабыл алуучуларды жолугуштуруу, глобалдык кризистерди жана өзгөрүү процесстерин башкаруу боюнча жаңы стратегиялык перспективаларды сунуштоону көздөйт.

TRT World Forum 2025 үчүн катталуу trtworldforum.com сайтында жүрүп жатат.

Иликте
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"
Анкара НАТО саммитине  негизги эл аралык медиа борборун даярдады
Сабиха Гөкчен аэропорту жүргүнчүлөр боюнча рекордго жетти
Азербайжан Украинадагы SOCAR объектисине жасалган кол салууга байланыштуу Россияга нота берди