ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Рубио: АКШ Иран согушунан кийин НАТО менен байланышын карап чыгышы мүмкүн
АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио союздаштардын АКШ жана Израилдин Иранга каршы жүргүзгөн согушун колдоого кызыкдар эместигине нааразычылыгын билдирип, Вашингтон НАТОнун баалуулугун кайрадан карап чыгышы мүмкүн экенин айтты.
Рубио: АКШ Иран согушунан кийин НАТО менен байланышын карап чыгышы мүмкүн
Рубио НАТОнун ролуна шек келтирүүдө, ал эми союздаштар Иран согушунда колдоону чектөөдө. [Архив] / Reuters

АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио союздаштардын АКШ жана Израилдин Иранга багытталган согушун колдоого кызыкдар эместигине нааразычылыгын билдирип, Иран согушунан кийин Вашингтон НАТО альянсынын баалуулугун кайрадан карап чыгышы мүмкүн экенин айтты.

Рубио FOX News каналына берген маегинде: "Биз НАТОнун жана альянстын өлкөбүз үчүн баалуулугун кайра карап чыгышыбыз керек болот", - деди жана акыркы чечимди президенттин чыгарарын кошумчалады.

НАТОдогу союздаштарын АКШнын аскердик базаларын колдонуу талаптарын четке кагышкандыгы үчүн сынга алган Мамлекеттик катчы: «Биз алардан абадан сокку урууну суранган жокпуз. Алардын базаларын колдонууга уруксат керек болгондо, алардын жообу 'Жок' болууда. Анда биз эмне үчүн НАТОдобуз?» — деген билдирүү жасады.

Европадан четке кагуулар

Көптөн бери өзүнүн «НАТОнун эң күчтүү коргоочуларынын бири» экенин айткан Рубио, альянс АКШга Европадагы базалары аркылуу дүйнөлүк деңгээлде күч көрсөтүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи.

Муну менен бирге, альянстын «бир тараптуу жолго» айлануу коркунучу бар экенин эскерткен Рубио: «Бизге керек болгондо бул базаларды колдонууга уруксат берилбесе, анда эмне үчүн аймакта... ушунча америкалык күчтөр жайгаштырылган?» — деген суроо узатты.

Мамлекеттик катчы бул сөздөрдү европалык айрым союздаштарынын Иран согушуна байланыштуу АКШнын талаптарын четке кагышы же чектөөсү боюнча айтты

Италия АКШнын Сицилиядагы аскердик базасына учактарын кондуруу талабын четке какса, Испания да өз базаларын же аба мейкиндигин колдонууга уруксат берген эмес.

Улуу Британия, Франция жана Германия сыяктуу башка союздаштар өз ролдорун коргонуу багытындагы колдоо менен гана чектеп, чыңалууну азайтууга чакырышкан.

Иликте
"Түрк тили жана маданияты" окуу китептери эми жеткиликтүү
Венесуэлада миңдеген адам шайлоо графигин жана оппозиция лидеринин кайтышын талап кылды
Украина Россия менен болгон алмашуунун алкагында 252 адамдын сөөгүн алды
Иранда болгон селде эки адам каза болуп, эки адам дайынсыз жоголду
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Карни менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда
Израиль армиясы Батыш Шерианын түштүгүндө эки палестиналыкты өлтүрдү
Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн 16 адам каза болду
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда