ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Польша менен Румыния дрондордун активдүүлүгүнөн улам жаңы коргонуу системасын жайгаштырды
НАТО Польша жана Румыния чек аралары боюнча биринчи Merops системаларын жайгаштырып жатканда, Дания дагы бул технологияны алуу чечимин чыгарды.
Польша менен Румыния  дрондордун активдүүлүгүнөн  улам жаңы коргонуу системасын жайгаштырды
Польша менен Румыния дрондордун активдүүлүгүнөн улам жаңы коргонуу системасын жайгаштырды / AP

Польша менен Румыния акыркы айларда НАТОнун аба мейкиндигине жасалган жана альянстын коргонуусундагы боштуктарды ачыкка чыгарган учкучсуз учуучу аппараттардын (УУА) эреже бузууларына каршы жаңы курал системасын жайгаштырууда. Бул эреже бузууларды Россиянын жасап жаткандыгы айтылууда.

Кремль Европанын ар кайсы борбор шаарларынын үстүнөн учкан белгисиз учкучсуз учуучу аппараттардын артында тургандыгы тууралуу айыптоолорду бир нече жолу четке какты.

Америкада жасалган Merops системасы орточо пикап жүк ташуучу унаанын артына бата тургандай кичинекей түзүлүшкө ээ. Система учкучсуз учуучу аппараттарды аныктай алат жана жасалма интеллектти колдонуу менен спутниктик жана электрондук байланыштар үзгүлтүккө учураган учурда дагы бутага жете алат.

Merops Польша жана Румынияда гана эмес, Данияда да колдонулат. НАТО аскердик жетекчилери Associated Press агенттигине бул системанын альянстын чыгыш жагындагы коргонууну бекемдөө максатында жайгаштырылгандыгын билдирди.

Жетекчилер бул кадамдын Россия менен чек араны күчтүү куралдандырууну максат кылганын, ушундайча Москванын чек арадан өтүүнү ойлобой тургандыгын белгилешти.

Мындай технологияга болгон муктаждык сентябрь айынын башында болжол менен 20 орус дронунун Польшанын аба мейкиндигине кириши менен белгилүү болду. Кымбат баалуу учактар он миңдеген долларлык дрондорго жооп кайтаруу үчүн учту.

Румыния да дрондордун чабуулуна кабылды. Копенгаген, Мюнхен, Берлин жана Брюсселдеги аэропорттор убактылуу жабылды. Бельгия менен Даниядагы аскердик базалардын жакынында да дрондор байкалды.

Дрондордун булагы ар дайым Россияга же Украинадагы согушка байланыштуу болбосо да коргонууну бекемдөө зарылдыгы ачык. Көпкө созулган дрон согушу же Украинадагыдай толук масштабдуу согуш Батыштын каржылык ресурстарын жана чектелген ракеталык запастарын жок кылышы мүмкүн.

НАТОнун Кургактык командирлигинин операциялар боюнча башкы штабынын башчысынын орун басары полковник Марк Маклеллан: "Бул система бизге өтө так аныктоо мүмкүнчүлүгүн берет. Ал учкучсуз учуучу аппараттарды бутага ала алат жана аларды арзан баада жок кыла алат. Учкучсуз учуучу аппаратты жок кылуу үчүн F-35ти учуруп, ракета менен атуу алда канча арзан", - деди.

Учкучсуз учуучу аппараттарбы, кушпу же учакпы?

Учкучсуз учуучу аппараттар жапыз жана жай учушкандыктан, аларды жогорку ылдамдыктагы ракеталарды аныктоого калибрленген радар системаларында табуу кыйын. Андан тышкары, аларды куштар же учактар менен чаташтырып алууга болот.

НАТОнун расмий өкүлдөрү Меrops системасы бул боштуктарды толтураарын билдиришти.

Маклеллан:«Merops негизинен учкучсуз учуучу аппараттарга каршы учкучсуз учуучу аппараттарды учурат», - деп системанын душмандын учкучсуз учуучу аппаратын түздөн түз ата аларын же системадан келген маалыматтарды кургактыкка же аба күчтөрүнө билдирип учкучсуз учуучу аппараттарды жок кыла аларын белгиледи.

НАТОнун Кургактагы аскердик командирлигинин операциялар боюнча башкы жардамчысы, бригадир генерал Томас Ловин: "Мerops командирлерге коркунучту карап чыгуу жана ок атуу же атпоо боюнча чечим чыгаруусуна белгилүү бир убакыт берет", - деди.

Ловин системанын аэропорттор сыяктуу маанилүү инфраструктураны жана согуш талаасында иштеп жаткан куралдуу күчтөрдү коргоо үчүн колдонулушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Иликте
Түркия Израилдин флотилияга кийлигишүүсүн "каракчылык актысы" деп айыптады
Израиль оккупация астындагы Чыгыш Кудста кечил аялга кол салды
Иран депутаты өлкөдө көпкө созула турган согушка жетиштүү ракета жана дрон запасы бар экенин айтты
Израиль басып алынган Батыш Шериада 100дөн ашык мыйзамсыз конуштарды курууга уруксат берди
Израиль басып алган Батыш Шериада бир палестиналыкты өлтүрдү
Израиль полициясы Палестинанын желеги деп ойлоп  Венгриянын желегин тартып алды
Индияда катуу ысык болуп, жетекчилер жардам көрсөтүү чараларын карап жатат
Мексика өлкөдөгү ЦРУ агенттерин иликтейт
АКШнын согуш министри Иран менен болгон согуш боюнча биринчи жолу көрсөтмө берет
Трамп жардамчыларына блокадага даярдануу буйругун берди
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газадагы ок атышууну "адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка" айлантууга чакырды
Мунай баалары АКШнын Иранга карата блокаданы узартуу пландарынан улам көтөрүлдү
Нетаньяху Иран согушу башталгандан бери биринчи жолу коррупция боюнча сот алдына чыкты
Парламент президентти шайлай алган жок; Косово мөөнөтүнөн мурда жалпы шайлоо өткөрөт
Ок атышууну токтотууга карабастан, Израиль Газага кол салууларын улантууда жана бир бала каза болду